Сокулукта адам өлүмү менен аяктаган мушташ боюнча издөөдө жүргөндөр кармалды
- 27.09.2023
- 0
Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында адам өлүмү менен аяктаган мушташ боюнча издөөдө жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, адам өлтүрүүгө шектелген жарандар 1982-жылы туулган Абдуллаев Курбангаджи жана 1979-жылы туулган Даудов Магомед-Эмин өзгөчө оор кылмыш жасап, белгисиз тарапка качып, издөөгө алынган.
26-сентябрда саат 3:00 чамасында жогорудагы издөөгө алынган жарандар кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрда Жаңы-Жер айылында болгон калайман мушташ маалында атылган октон 69 жаштагы бир киши каза болгон. Дагы бир 37 жаштагы адам ооруканага түшкөн.
Бөлүшүү
Комментарийлер