СИНГАПУРДУН 5Е МЕТОДУ. Б.САРНОГОЕВДИН «ЖИНДИ СУУСУ»

  • 05.02.2025
  • 0

К.Бектенов атындагы Кара-Ой жалпы орто билим берүү мектебинин химия мугалими Токсобаева У.К. 10-а класска «спирттер» деген темада ачык сабак өттү.

СИНГАПУРДУН 5Е МЕТОДУ. Б.САРНОГОЕВДИН "ЖИНДИ СУУСУ"

Маалыматка таянсак, сабакты азыркы учурдун талабына ылайык технологиянын жаңы методикасы  менен колдонулуп өтүлдү. Сингапурдун 5Е методун колдонуп, Б.Сарногоевдин «Жинди суу» ырын угузуп, окуучулардын кызыгуусун арттырды.  Окуучулар өздөрү спирттердин, глицериндин касиеттерин тажрыйбанын негизинде жасап, жүргөн реакциянын негизин түшүндүрүп айтышты. Доскага химиялык теңдемесин жазышты. Алар интерактивдүү методун негизинде схема боюнча Б.Б.Б толтуруп эки топ бирин-бири балоонун баракчасын толтурушту. Мугалим тарабынан GOOGLE  формасында тест берилип, сабак жыйынтыкталып, окуучуларды иши бааланды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер