ШАЛВА АМОНАШВИЛИДЕН ЖЕТИ АКЫЛМАН КЕҢЕШ

  • 24.04.2020
  • 0

ШАЛВА АМОНАШВИЛИДЕН ЖЕТИ АКЫЛМАН КЕҢЕШ

Шалва АМОНАШВИЛИ:

Мугалимдер менен ата-энелерге таалим боюнча 7 акылман кеңеш

 

Эмне үчүн мугалим бааны балага чыбыктай кезебеши керек? Балага белек кантип тартуулаш керек?

Эмне үчүн окуучулардын дептерине кызыл эмес, жашыл түстүү калем менен белгилеш керек?

Кайсы окуучулар менен сыймыктануу керек?

Ушул жана башка суроолорго гумандуу педагогиканын негиздөөчүсү Шалва АМОНАШВИЛИ Киев шаарында болгон педагогдор менен жолугушууда жооп берди.

 

Балдардын жумушунан каталарын (катачылыктарын) эмес, жетишкендиктерин издегиле!

Текшерүү иш жазуунун астында окуучуларга айбаттуу карап: “Текшерүү иши! Даярсыңарбы?” — деп жарыялоонун кереги жок. Эгерде авторитардык педагог болууну каалабасаңыз: “Бул – чыгармачылык иш, жооп берүүдө өзүңөрдү мүмкүн болушунча жакшы жактан көрсөткүлө”, — деп айтыңыз. Ошондо балдар коркпой, эркин иштейт да, жыйынтык жакшы болот (ушундай болору нечен жолу далилденген).

Бир жолу окуучу кыз кызыл сыя менен чийилген дептерин ачты да, ыйлап жиберди: “Мен математиканы жек көрөм, мен эч нерсени түшүнбөйм! Бардыгы кызыл менен чийилиптир, бардыгы ката!..”

Бала ыйлаганда, менин жүрөгүм тилинип кеткендей болду. Бирок мен гумандуу педагогиканын принциптерин түзүүдө балдардан үйрөнүү керектигин билчүмүн. Ошондуктан: “Эмне үчүн мугалимдер дайыма ката издешет?” — деп сураган кыздын сөзүнө кулак салдым. Сухомлинскийдин: “Балдарды ийгиликтен ийгиликке, кубанычтан кубанычка жетелегиле”, — деген сөзү да эске түштү.

Кийинки күнү эле, окуучулардын дептерлери менен иштеп жатып, мен кызыл сыяны жашылга алмаштырдым. Ошондон бери мен окуучулардын жумушунан катаны эмес, жетишкендиктерди издейм. Сүйлөмдө бир сөз туура жазылса, бир математикалык мисал туура чыгарылган болсо – бул жетишкендик. Мен муну жашыл сыя менен белгилейм: “Азаматсың! Мен кубанычтамын, мен таң калдым! Мен сени менен сыймыктанам!”

Анан дагы менин столумда дептер боло турган, анда мен кызыл сыя менен өзүмдүн каталарымды жазчумун. Себеби баланын катасы – менин катам, педагогикадагы шалаакылык. Мен биринчи өзүмдөгү катаны оңдоом керек. Ошол эле учурда балдарга ката кетирүү андан да жакшы болууга үйрөтөрүн түшүндүрчүмүн. Мына ошентип балдар кызыгуу менен каталарын оңдоону үйрөнүшчү, ал эми менин жашыл сыям дүйнө жүзүн кыдырып жүрөт.

Сабакта ар бир окуучу менен жекече иштегиле!

Кийинки күнкү сабакка даярданып жатканда, класстагы тээтиги бала жөнүндө же тиги кыз жөнүндө ойлонгула. Баланын көзү жангыдай болуш үчүн ага кандай сөз айтса болот? Сабакта суроону бүтүндөй класска бергиле, жоопту ар бир баладан издегиле. Мугалимдин жумушу – даректүү.

Тилекке каршы, көп мугалимдер сабакты “бардыгы үчүн” өтүшөт. Мындай кылган болбойт, кымбаттуу мугалимдер. Бир сабакта, класста канча окуучу болсо, ошончо сабак болуш керек. Матрёшканын ичинде матрёшка болгондой. Бул искусство, сиздер сөзсүз аны үйрөнөсүздөр, бирок дароо эмес. Бул искусствону өздөштүрүү үчүн сиздер үч жыл, беш, сегиз жыл кыйналасыздар. Эгерде бардыгы менен бир заматта эмес, ар бир бала менен жекече иштесеңиз – бул балдарга алардын миссиясын ачып берүүгө жардам берет. Бул дагы заматта ишке ашчу нерсе эмес. Себеби чоңдордун көпчүлүгү өздөрүнүн жашоодогу миссиясын аныктай элек. Чаташтырбагыла: миссия – бул кесип эмес! Миссия – бул мектептеги, көчөдөгү, үй-бүлөдөгү жашоо таризи.

Бала баарын жасай алат, болгону ага эч нерсени таңуулабагыла!

…Ар бир баланын даремет-күчү чексиз. Анын баш аягы жок. Ошондуктан чоңдор билүүсү керек: бала бардыгына жөндөмдүү! Болгону аны чектеген дене, материалдык негиз (субстрат), ал эми жан дили – башкы таянычы. Бирок эч качан адам өзүнүн тулку бою эле болбостугун унутпаӊыз. Анда жашоо жокко эсе деп эсептеңиз болот

…“Баланы чоң жашоого даярдоо” – такыр туура эмес түшүнүк. Сиз балага илимдин негизин берип жатам деп ойлойсуз, бирок эртең эле ал билимдин көпчүлүгү актуалдуу эмес болуп калат, себеби алар тез өзгөрүп турат эмеспи. Мугалим билим берип жатканда, азыр да, он жылдан кийин да, дайыма керек болгудай баалуу нерсени бериши керек.

Суранам, балага бир нерсе жөнүндө өз оюңарды таңуулабагыла. Сунуштагыла. Эгерде мектепте билим кыйкырык менен, доомат менен, кыжырдануу менен таңууланса, баланын аны өздөштүрөрү күмөн. Мындай кылсаӊыз, сиз оор кылмыш жасаган болосуз. Эсиңерде болсун, гумандуу педагогика ар бир жолугушууда балдарды акылмандыкка, сезимдерин толук башкара билүүгө шыктандырат.

Биздин көйгөйлөрдү ыкмалар, стандарттар чечпейт. Эң башкысы – бул стандарттар кандай мугалимдин колунда экендиги жана билим берип жаткан мугалимдин окуучуга кандай көз менен карай тургандыгы.

Жарык тартуулаганды үйрөнгүлө!

Мугалим – бул жарык берүүчү. Ал эми окуучу – бул жарык издеген жан. Балдардын билимге болгон чаңкоосу – эбегейсиз, алардын шоктонуусу болуусу – дүйнө таануу ыкмасы.

…Сабакты “билим берүү процесси” деп айтууга болобу? Албетте, жок. Бул жерде Сухомлинский ачкан мыйзамга кайрылсак болот: “Руханий биримдиксиз тарбиялоо мүмкүн эмес”. Сиздин балдарыңыз менен руханий жакындыгыӊыз барбы? Көбүнесе адамдар бири бирине жылмайышат, кучакташышат, бирок руханий жактан алардын ортосунда биримдик, ишеним жана ачыктык жок.

…Сиздин сабак бала үчүн белек болушу керек: “Мен сага кызыктуу нерсени берем. Сага да.” Сиздин сабагыңызда ар бир балага арналган нерселер болуш керек. Илимди педагогикадан издебегиле. Анда бир дагы объективдүү мыйзам жок. Сиздин эң жакшы илимиңиз – окуучунун жанына барып эӊкейип олтуруп, класска жана ошол эле мезгилде ар бир окуучуга берилген суроого жоопту кулагыма шыбыра деп сурануу.

Эгерде өзүңүздүн сабагыңыздан өзүңүз таалим алсаӊыз, окуучуларыңыз алыска барат, сөзсүз ийгиликке жетет.

Чабал окуучулар менен сыймыктангыла!

Адатта мугалимдер күчтүү окуучулары менен мактанганды жакшы көрүшөт. Эгерде бирөөгө классы кандай экенин айтып берүү керек болсо – сөзсүз күчтүүлөрдүн жетишкендиктерин, аттарын аташат. Бирок ошол жетишкен окуучуну күчтүү кылган начар окуучулар менен сыймыктануу керек. Кыйынчылык жаралган жерде сиздин жардамыңыз керек. Жалкоо окуучуну, бейкапар, шыктанбаган окуучуну сактап калыңыз – бул сиздин күчүңүздүн канчалык экенин сынайт.

Балдарды баа үчүн жарыштырбай окутууну үйрөнгүлө!

Мектептеги баалар баланын инсандыгын аныктабастыгын менсиз деле эң жакшы билесиздер. Баа анын тагдырын чечпейт – муну да эсиңерге түйгүлө.

Муну эстен чыгарып, баланы басып жүргөн цифра катары караган мугалим уялышы керек. Цифрага карап: жакшыбы же жаманбы, жөндөмдүүбү же жокпу, ал адам болуп чыгабы же жокпу деп баланы баалашат. Жылдар өтөт, анан “жаман” окуучулар жакшы, боорукер адам болгонун, алардын кимдир бирөөсү чоң талант экенин жашоо өзү көрсөтөт. Тумандаган баалар мунун баарын мугалимге убагында көрсөтпөйт.

Сонундардын баары элдик ырларда, жомоктордо, акындардын, композиторлордун, сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгында даӊазаланарына көӊүл бургулачы. Бирок эл да, композиторлор же художниктер да баа менен шыктанган эмес. Текшерүү иш жана экзамендер жөнүндө негедир бир да сап ыр жазылган эмес. Мамлекеттик экзаменди мактаган одалар жазылган эмес, атүгүл кыска обон да жок.

Баа үчүн күрөш жалганга, кууланууга, каршылашууга, чыр-чатактарга, мектеп турмушунун начарлашына алып келет. Анан да үй-бүлөнүн жана ата-эненин өз баласын инсан катары таануусуна жолтоо болот. Баалар педагогикалык жана психологиялык жактоого татыктуу эмес экенин анык билем, себеби алар – мажбурлоо каражаты.

Бала ансыз деле окууга жана билүүгө умтулат, бул анын табиятындагы касиети. Чоңдор ага дагы “камчыны жана кант токочту” (жаза менен сыйлыкты) кошкусу келет, баланы “камчылап” турушат. Бул жердеги маселе өзүнүн авторитаризмине ишенген мугалимдерде. Баа алардын колунда – баланы коркуткан чыбык сыяктуу, балдар коркконунан сабакта анча-мынча тынч отурат.

Баалар баланын жашоосун караңгылатпагыдай, активдүүлүгүн, өзүнүн жөндөмүнө болгон ишенимин арттыргыдай мамиле түзүңүз.

Балдарга белекти туура тартуулагыла!

Бала – кубанычтуу жан. Ал кубануу үчүн, кубантуу үчүн төрөлөт. Ата-эне бактылуу, көӊүлү ачык жандар болсо, баланын жолу жарык болот. Кубаныч – бул тарбиялоонун эң зор күчү, руханий жан дүйнөнүн азыгы. Балага кубаныч тартуулоонун эң белгилүү түрү – бул белек берүү. Баланын көптөн күткөн, абдан каалаган нерсеси канчалык капысынан тартууланса, бала ошончолук кубанычта болот.

Бирок белекти ыгы менен тартуулаш үчүн жөнөкөй шарттарды карманыңыз:

  • Белектин жардамы менен балада ойготкубуз келген кубаныч, сейрек болуусу керек.
  • Балага ал эңсеп жүргөн нерсени белек кылыңыз.
  • Эч кандай шарты жок белек кылыңыз, бала өзүн милдеттүү сезип калбасын.
  • Балаӊызга канчалык нааразы болсоӊуз да, белек бербей коюу менен жазалабаӊыз.
  • Белекти кызыктуу кылып тартуулаңыз. Кээде: “Көзүңду жум… Эми ач!” – деӊиз. Кээде белекти жаздыктын астына же керебеттин жанындагы тумбочкага салып коюңуз, бала эрте менен ойгонгондо таап алгыдай болсун.
  • Белекке балаӊыз менен бирге кубаныңыз.
  • Эгерде балаӊыз сизге белек берсе, айрыкча өз колу менен жасаган болсо, көпкө чейин ал белекти эстеп, кубанычыӊызды билдирип жүрүӊүз. Бала тартуулаган белегин кандай сактап, кубанганыңызды байкайт.

Кыргыз тилине которгон Кокоева Рахат, “Жетиген” мектеп-лицейинин мугалими

Фото интернеттен алынды (макаланын түп нускасы да ушул шилтемден табылат): https://osvitoria.media/ru/experience/shalva-amonashvili-8-mudryh-porad-uchytelyam-i-batkam-u-vyhovanni-2/

Бөлүшүү

Комментарийлер