МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН БААЛУУ МЕТОДИКАЛЫК КИТЕПТЕР

  • 19.09.2025
  • 0

Билим берүүдөгү жаңы методикалык колдонмолор СенТыYou долборунун алкагында Талас облустук билим берүү усулдук борборуна мугалимдер үчүн баалуу методикалык колдонмо китептер келди.

МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН БААЛУУ МЕТОДИКАЛЫК КИТЕПТЕР

Алардын ичинде «Ата-энелер мектеби» жана «Өспүрүмдөр менен иштөө боюнча методикалык колдонмо» өзгөчө орунду ээлейт.

МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН БААЛУУ МЕТОДИКАЛЫК КИТЕПТЕР

— Бул колдонмолор Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен жалпы билим берүү мектептеринде колдонууга сунушталды. Айрыкча, «Өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү таанып-билүү жана жеке өнүгүү» курсу педагогиканын жана психологиянын алдыңкы тажрыйбаларына негизделген методикалар аркылуу окуучунун жөндөмдүүлүктөрүн ачууга көмөктөшөт. Ата- энелер менен иштөөдө, муундар аралык байланыш, насаатчылык, ж.б. Сабактар практикалык ишмердүүлүккө багытталып, интерактивдүү формада өтүлөт. Учурда да Талас билим берүү усулдук борборунда класс жетекчилер курстан өтүүдө. Окуучулар бул сабактарда өзүнүн жан дүйнөсүн ачып, таанып-билип,  өзүнүн иш-аракетине, жүрүш-турушуна анализ жүргүзүп, башкаларды таанып, сынчыл көз караш менен баалап, келечекке туура максат коюп, тандоо жасоону үйрөнөт. Бул багыттагы айрым сабактар видеосабактар менен коштолгон. Методикалык колдонмолордун мааниси  мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу менен бирге, өспүрүмдөрдүн инсандык жана руханий дүйнөсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, — дейт Талас билим берүү усулдук борбору жетекчиси Салтанат Бейшенова.

МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН БААЛУУ МЕТОДИКАЛЫК КИТЕПТЕР

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер