САПАР ИСАКОВ ТАЛАСТАГЫ АЗ КАМСЫЗ ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ БЕРДИ

  • 15.01.2018
  • 0

САПАР ИСАКОВ ТАЛАСТАГЫ АЗ КАМСЫЗ ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ БЕРДИ

 

Өкмөт башчы Сапар Исаков 12-январда Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Манас районунун Үч-Коргон айылында жашаган, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн катарына кирген Бопушева Аселдин жашоо-шарты менен таанышып, материалдык жардам берди.

Бопушева Асел төрт  баланы жалгыз тарбиялайт, бардыгы мектепте окуйт. Ал билими жоктугуна байланыштуу эч жерде иштебейт. Өздөрүнө тийиштүү турак жайлары жоктугуна байланыштуу батирде турушат. Андыктан бул үй-бүлө социалдык жактан аялуу катмарга кирет. Бул үй-бүлөгө Сапар Исаков материалдык колдоо көрсөтүп, балдарга белектерин тартуулап жатып жылуу сөздөрүн айтып жана тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүдө көмөк берүүсүн тапшырды. Бул тууралуу Өкмөтүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү маалымдады. 

Бөлүшүү

Комментарийлер