САНАРИПТЕШТИРҮҮ – ТРАНСФОРМАЦИЯНЫН НЕГИЗГИ ЭЛЕМЕНТИ
- 25.06.2025
- 0
Санариптештирүү –билим берүү системасын бүтүндөй трансформациялоонун ажырагыс жана негизги бөлүгү. Заманбап маалыматтык технологиялар бир кыйла ачык-айкын, ийкемдүү жана окуучулар менен педагогдордун керектөөсүнө багытталган системаны курууга мүмкүндүк берет. Министрликтин максаты – процессти жөн гана автоматташтыруу эмес, бардык деңгээлдерде – мектептен тартып мамлекеттик саясатка чейин – билим берүүнү башкарууга жана өнүктүрүүгө мамилени өзгөртүү.
Азыркы учурда 2000-жылы берилген аттестаттардын архивин санариптештирүү иштери жигердүү жүрүүдө. Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаеванын айтымында, бул ишти кагаз архивдери сакталып калган мектептер өздөрү жүргүзүшүүдө. Маалыматтардын так идентификациясына өзгөчө көңүл бурулууда. Бул үчүн бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин (ЖИН) фамилиясы жана туулган күнү боюнча табууга мүмкүндүк берген жаңы сервис колдонулат. Мурда аттестаттарда ЖИН көрсөтүлчү эмес, эми документтин санарип версиясын «Түндүк» тиркемесиндеги “Санарип документтер” бөлүмүнө чыгарууга шарт түзүлдү.
Өткөн жылдан тартып бүтүрүүчүлөрдүн маалыматтары мектептер тарабынан “Күбөлүк” электрондук системасына түз киргизилүүдө. Андан соң ушул маалыматтардын негизинде санарип аттестаттар «Түндүк» уюлдук тиркемесинде түзүлөт. Быйыл рекорддук көрсөткүчтөр катталууда: 215 миңден ашуун санарип аттестат — бул өткөн жылга салыштырмалуу 12 миңге көп. Алардын ичинен болжол менен 135 миңи 9-класстын, ал эми 80 миңден ашыгы 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө таандык.
- Санарип жана кагаз түрүндөгү аттестаттар бири-бирине толук дал келет, анткени маалыматтар түз эле система аркылуу алынат, бардык баалар мурунтан эле киргизилген. Мындай ыкма процессти бир топ жөнөкөйлөттү. Мурда мектептер аттестаттарды март айынан тарта эле даярдап, баалар кол менен толтурулчу. Азыр болсо маалыматтар окуу жылы бүткөндөн кийин басмаканага жөнөтүлөт. Эгер мурда маалыматтарды топтоо жана жөнөтүү 3 – 4 айга созулса, азыр бир айдан да аз убакыт талап кылынат, — деди министрдин орун басары.
Ошондой эле аттестаттарды калыбына келтирүү тартиби да өзгөрдү. Мурун документ жоголсо, бүтүрүүчү министрликке кайрылып, ал эми министрлик районго, район мектепке сурам жөнөтчү… Бул процесс жарым жылга, айрым учурда андан да көпкө созулчу. Азыр болсо баары жеңилдеди: эгер санарип аттестат базада бар болсо, «Учкун» ААКнын басмаканасы жөнөтүлгөн сурамдын негизинде тиешелүү белги менен дубликатты басып берет.
Мындан сырткары, ар бир санарип аттестат уникалдуу QR-кодду камтыйт — анын жардамы менен каалаган ЖОЖ же мамлекеттик орган документтин чыныгы экенин онлайн текшере алат. Бул — жасалмалоолордон жана катачылыктардан кошумча коргоо.
Азыркы учурда санариптик аттестаттар “Түндүк” тиркемесинде 2018 жана андан кийинки бүтүрүүчүлөр үчүн жеткиликтүү, ошону менен катар 2000-2017-жылдардагы маалыматтарды санариптештирүү боюнча иш жүрүп жатат.
Өздүк делолор санарип форматка өтүүдө
Окуучунун электрондук өздүк делосун (ЭӨД) ишке киргизүүдө, ал санариптик форматта окуучунун жетишкендиги жөнүндө маалыматты, социалдык жана демографиялык маалыматтарын камтыйт.
Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева кабарлагандай, ЭӨДны киргизүү билим берүү системасындагы санариптик трансформациянын логикалык уландысы. Бул кадам документ жүгүртүүнү жөнөкөйлөтүүгө гана мүмкүндүк бербестен, окуучулар тууралуу маалыматтарды чогултууга, сактоого жана пайдаланууга болгон мамилени да кескин өзгөртөт.
- Мурда папкаларда сакталган бардык кагаз түрүндөгү жеке делолор санариптештирилүүдө. Жаңы окуу жылынан баштап ар бир баланын электрондук өздүк делосу болот. Бул билим берүү траекториясын, жетишкендиктерин, ошондой эле окуучунун мектептер арасында жылышын маалыматтарды жоготпостон көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет», – деди.
Электрондук өздүк делодо академиялык маалымат: жетишкендиги, олимпиадаларга катышканы, тартиптик эскертүүлөр, маанилүү социалдык маалыматтар: баланын статусу, майыптыгынын бар экендиги, аярлуу топторго таандыктыгы ж.б. да чагылдырылат.
Аны киргизүүнүн негизги максаты — мугалим менен мектептин ишин бюрократиядан арылтуу. Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө мугалимдер Саламаттык сактоо министрлигинен тартып райондук администрацияларга чейин – 46га жакын түрдүү отчётторду толтурат. Отчёттордун көпчүлүгү облус жана райондор боюнча окуучулар тууралуу ар кандай статистикалык маалыматтарды чогултууга багытталган. ЭӨД жана мамлекеттик маалымат базаларын билим берүүнү башкаруунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу интеграциялоо маалыматты чогултууда жана отчётторду түзүүдө кайталоону жоюуга жана жүктү азайтууга шарт түзөт.
Электрондук өздүк делолорду түзүү мамлекеттик маалымат базалары, анын ичинде Жарандык абалдын актыларын каттоо жана Мамлекеттик каттоо кызматынын системасы, менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат.
- Мектептер жеке маалыматтардын каттоочуларына айланууда. Бирок маалыматтардын корголушу үчүн жоопкерчилик эми так жөнгө салынат. Өздүк делого жеткиликтүүлүк катуу чектелет – класс жетекчи жана директор үчүн гана жеткиликтүү болот. Мугалимдер башка уюмдар үчүн отчёт даярдашпайт. Алар тиешелүү сайттардагы ачык жекелештирилбеген статистикалык маалыматтарды колдоно алышат, – деп белгиледи министрдин орун басары.
Мектепке каттоо эрте башталат
Мындан тышкары, быйыл билим берүүдөгү электрондук сервистер долбоорунун алкагында мектепке электрондук каттоо системасы жакшыртылды. Ата-энелер эми кагаз маалымкаттарды чогултпай туруп арыз бере алышат – баланын жеке идентификациялык номери гана жетиштүү.
Окуучулардын өздүк делолорун санариптештирүү ар бир бала эсепке алынган, корголгон жана өзүнүн билим берүү жолунда колдоого алынган адилеттүү, ачык-айкын жана заманбап билим берүү системасына карай маанилүү кадам болуп калмакчы.
- Мурда 1-класска бара турган баланын ата-энеси жана жашаган жери тууралуу справка, баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү сыяктуу 6-7 түрлүү документ талап кылынчу. Быйыл алгачкы жолу ата-энеден бир дагы справка талап кылынбастан, “Түндүк”, MegaPay, МойО!+Банк тиркемелери жана 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу бир баскыч менен каттаса болот. Быйыл балдарды мектепке каттоо учурунда системага катталган ата-энелердин санынын көптүгүнөн улам системага 1-2 саат күч келген учур катталган. Мисалы, бир эле убакта 50 миңге жакын ата-эне балдарды каттоого аракет кылып жатты. Ошондуктан эмдиги жылы мындай болбосун деп мектепке электрондук каттоону быйылкы октябрь айынан эле баштоону пландаштырып жатабыз. Чет өлкөлөрдө бала төрөлгөндө эле кайсы бала бакчага, кайсы мектепке бара турганы аныкталат. Бизде да ошондой кылууга мүмкүнчүлүк бар, — деди Л.Самыкбаева.
“Күндөлүк” –бардык мектептерге киргизилет
2024-жылдын ноябрынан тартып, өлкөнүн бардык мамлекеттик жана муниципалдык мектептеринде ийгиликтүү киргизилген “Күндөлүк” АМС мектептик билим берүү деңгээлиндеги негизги система болуп саналат. Ушул тапта системаны күн сайын 50 миңге жакын мугалим колдонууда. Ушул жылдын сентябрынан тартып “Күндөлүк” АМС Бишкектин бардык мектептерине, ошондой эле жеке менчик мектептерге киргизилет, бул бүтүндөй мектеп системасын камтууга жана натыйжалуу саясий жана административдик чечимдерди кабыл алуу максатында маалыматтар менен ыкчам иштөөгө мүмкүндүк берет.
Ал эми санариптик дипломдор 2025-жылкы басылыштан тартып жеткиликтүү болуп калат. “Түндүк” тиркемеси менен биргеликте “Дипломду санариптештир” сервисин ишке киргизүү боюнча иш жүргүзүлүүдө, анда жарандар өзүнүн дипломун санарипке өткөрүү боюнча аралыктан суроо-талап жибере алышат. Бул автоматташтырылган суроо-талап архивдер көтөрүлө турган жана тиешелүү маалыматтар “Санариптик диплом” системасына киргизиле турган тиешелүү ЖОЖго берилет. Андан соң диплом “Санариптик документтер” тиркемесинде жеткиликтүү болот.
Ошондой эле 2025-жылдын аягына чейин ББМСнын (Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы) борбордук маалымат кампасын ишке киргизүү пландалууда, анда башка бардык мамлекеттик органдар үчүн статистиканы чогултуу, мониторинг жүргүзүү, башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү үчүн “ачык маалыматтар” форматында билим берүү чөйрөсүндөгү бардык маалыматтар бир жерде жеткиликтүү болот.
ББМС ишке киргенден кийин үчүнчү жактар үчүн билим берүү маалыматтары боюнча бардык отчёттор биротоло жокко чыгарылат, бул мугалимдерге жана мектеп жетекчилерине административдик жүктү азайтат.
Комментарийлер