САНАРИПТЕШТИРҮҮ — РЕФОРМА ТАЛАБЫ

  • 30.12.2024
  • 0

Узап бараткан жылдагы негизги жетишкендик билим берүү системасындагы эң маанилүү үч реестрди: окуучулардын реестри, мугалимдердин реестри жана билим берүү мекемелеринин реестрин санариптештирүү болду, — деп баса белгиледи министр Догдуркүл Кендирбаева бүгүнкү жыйында билим берүү системасын санариптештирүү маселесине кайрылып.

Билим берүү тармагынын жетекчисинин сөзүнө караганда  2025-жылы бир нече маанилүү санариптик кызматтарды ишке киргизүү пландалууда.

– 2025-жылы башталгыч, орто жана жогорку билим тууралуу санариптик дипломдор, студенттердин жетишкендиктери жөнүндө маалыматтар, акысыз улуттук «Электрондук күндөлүк» да «Түндүк» тиркемесинде болот, — деп айтты министр.

Айта кетсек, өлкөдө кийинки жылдан биринчи мамлекеттик «Тунгуч» онлайн мектебин ишке киргизүү пландалууда, ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, чет өлкөдөгү мигранттардын балдарына жана кайрылмандарга мамлекеттик документтерди берүү менен толук кандуу мектептик билим бере алат. Ал эми iMugalim порталында мугалимдер бош орундарга онлайн форматта документ тапшыра алышат, бардык мугалимдердин ачык рейтинги ошол жерде сакталат жана мыктылар автоматтык түрдө сыйлыктарга сунушталат. Бул система мугалимдердин квалификациясын онлайн жогорулатуу платформасы менен интеграцияланат, анда мугалимдер ар кандай онлайн курстарда жылына 100 сааттан кем эмес өз алдынча билим алышат. Портфолиону баалоонун жыйынтыгы боюнча жасалма интеллект мугалимге кайсы курстардан өтүү жана аларга кантип даярдануу керектиги боюнча сунуштарды берет.

– Ал үчүн мамлекет өлкөдөгү бардык мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздайт. Алгачкы 27 миң ноутбук 2025-жылдын 1-кварталында берилет, — деди министр.

Жыл жыйынтыгын чыгарган бул жыйында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуусуна санариптик колдоо көрсөтүү, билим  берүү ресурстарынын санариптик китепканасын негиздөө, «Мектеп инфраструктурасы» маалыматтык системаларын түзүү каралганы маалымдалды.

– 2025-жылы «Мектептерге электрондук кезек» порталы толугу менен модернизацияланат, ал балдарды жашаган жериндеги мектептерге жана бала бакчаларга активдүү бөлүштүрөт. Бул ата-энелердин көпчүлүгүн маалымкат чогултуудан куткарат. Мектепти өз алдынча тандап алууну каалагандар үчүн “Түндүк” тиркемеси каалаган мектепке кезекке турууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, «Балалык» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыгат, ал республиканын бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, ошондой эле аларда тарбияланган балдардын эсебин жүргүзөт, — деди билим берүү тармагынын жетекчиси.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер