САНАРИП МУГАЛИМ — МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

  • 06.08.2020
  • 0

Кыргызстанда 5-августтан 1-сентябрга чейин cанариптик билим берүүнүн көндүмдөрүн өздөштүрүүнүн бир айлыгы жарыяланды.

САНАРИП МУГАЛИМ  -  МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Бул тууралуу алгач билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 1-августта «Ала-Тоо 24» каналынын түз эфиринде жалпы коомчулукка маалымат берди.

Министрдин айтуусунда, өткөн окуу жылындагы дистанттык билим берүүнү уюштуруу боюнча министрликтин дарегине коомчулук өкүлдөрүнөн бир топ сындар, ошону менен бирге колго аларлык сунуштар да келип түшкөн.

— Биз анализдерди жасадык. Туура, реалдуу сындар бар, субъективдүү пикирлер да бар. Ошолордун баарын эске алуу менен биринчи кезекте мугалимдерди дистанттык окутууга даярдашыбыз керек, — деди министр.

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан башка ар бир областта усулдук борборлор бар.  Ушул усулдук борборлордун жардамы менен ар бир предметтин мугалимдерине, ошондой эле башталгыч класстардын мугалимдерине онлайн вебинарлар, семинарлар өтүлөт.

— Ар бир мектептен жок дегенде 10-15 мугалим дистанттык окутууну жакшы өздөштүрдү, эми алар башкаларга үйрөтүшөт, — деди К.Исаков.

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна  билим берүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн аралыктан окутуу ыкмаларын колдонуу, онлайн сабактарды, видео сабактарды, окутуу видео материалдарын даярдоо боюнча, мультимедиялык технологияларды колдонуу, окуучулар жана ата-энелер менен кайтарым байланыш уюштуруу боюнча вебинарларды өткөрүү милдеттендирилди. WhatsApp, ZOOM, Google Classroom, Скайп, Google Hangouts, Google Meet, MOODLE платформаларын колдонуу менен аралыктан окутуу формасында окуу процессин уюштуруу боюнча семинарларды өткөрүү каралган.

-Аларга онлайн жана видео сабактарды даярдоо, видео, мультимедиалык материалдарды колдонуу, окуучулар менен кайтарым байланыштуу уюштуруу үйрөтүлөт. Ар кандай платформаларда иштөө боюнча сабактар өтүлүп, үй тапшырманын көлөмү, аларды баалоо ыкмалары боюнча семинарлар уюштурулат— дейт министрдин орун басары Нурлан Өмүров.

Окуу процессин дистанттык форматта жүзөгө ашыруу үчүн башкаруучу жана усулдук кызматкерлерди даярдоо боюнча педагогикалык кызматкерлерди бир айлык окутуунун министрлик бекиткен графиги боюнча модулдук курстар 5-16-августта жетекчилер үчүн, ал эми 17-25-августта мугалимдер үчүн өткөрүлөт. Биринчи модул «МКТ Кыргызстандын мектептеринде» 5-августта башталды. Ага облустук институттардын жана усулдук борборлордун директорлору, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, окуу усулдук кабинеттердин усулчулары жана мектеп директорлору, алардын орун басарлары катышууда.

САНАРИП МУГАЛИМ  -  МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

(Сүлүктү шаардык «Санарип мугалим» сынагынын жеңүүчүлөрү)

Ошондой эле институт тарабынан 2020-2021-окуу жылында билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн 72 сааттык «Дистанттык технологияларды колдонуу менен билим берүү уюмдарын башкаруу» модулу иштелип чыгат жана окутуу семинарлары өткөрүлөт.

Министрдин орун басары ошондой эле начар жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарын телефон, телевизор менен камсыз кылуу иштерин уюштуруу боюнча аймактарга тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

Айтмакчы, брифингде быйыл өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн август конференциясы онлайн режиминде өтүлөрү да белгилүү болду.

Ушуга улай Билим берүү жана илим министрлигинин алдында түзүлгөн эксперттик-консультативдик кеңеш жаңы окуу жылында окуу процессин уюштуруунун алгылыктуу жолдорун  карап жатат.

Консультативдик кеңеш кесиптик билим берүү уюмдары үчүн COVID-19 пандемиясынын кырдаалында жаңы окуу жылында окуу процессин туура уюштуруу боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу максатында түзүлгөн.

САНАРИП МУГАЛИМ  -  МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Консультативдик кеңештин мүчөлөрү өлкөбүздөгү санариптик билим берүүнү жайылтуу тажрыйбасына баа беришмекчи.

— Эксперттер санариптик технологияларды колдонуудагы билим берүү уюмдарынын алдыңкы тажрыйбасын талдап чыгышат. «Тең-теңине» принциби боюнча мыктылары иргелип, аймактардагы башка окуу жайларга онлайн режиминде билим берүүнү жайылтуу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы бар окуу жайлар тарабынан көмөк көрсөтүү уюштурулат, — дейт министрдин орун басары Нурлан Омуров.

САНАРИП МУГАЛИМ  -  МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

(Сүрөттө: Сүлүктү шаарында «Санарип мугалим» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу салтанаты)

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер