САНАРИП БИЛИМ БЕРҮҮ: ЖАҢЫ ДООРДУН БАШТАЛЫШЫ!
- 19.09.2025
- 0
Билим берүү дүйнөсү бүгүн тездик менен өзгөрүп жаткан глобалдуу чөйрөгө айланды.

Е.Турусбаеванын берген маалыматына таянсак, бул өзгөрүүлөрдүн жүрөгүндө – санариптештирүү турат.
— Санарип билим берүү – жөн гана технология эмес. Бул – билим берүү процессин түп тамырынан жаңырткан жаңы доор! Санарип билим берүү — бул: Мугалимдер үчүн жаңы ыкмалар менен окутуу мүмкүнчүлүгү; Окуучулар үчүн жеткиликтүү, кызыктуу жана интерактивдүү билим; Ата-энелер үчүн баласынын билим алуусуна активдүү катышуу мүмкүнчүлүгү.
Бирок бул өзгөрүү бир күндө бүтө турган иш эмес. Санарип билим берүү — бул үзгүлтүксүз процесс, жалпы коомдун аракети жана ар бирибиздин жоопкерчилигибиз. Мугалим — жаңы технологияны өздөштүрүүгө умтулушу керек; Окуучу — жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, өз алдынча изденүүгө үйрөнүшү керек; Ата-эне — балага колдоо көрсөтүп, санарип билимге ишеним артышы керек. Билим берүү — бул келечекке болгон инвестиция! Ар бир бала билимге татыктуу! Ар бир мектеп — санарип мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга тийиш! – дейт мыкты мугалим Е.Турусбаева.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер