САГЫНДЫК МЕКТЕП, БИЗ СЕНИ!
- 07.06.2020
- 0
Талас районундагы Г. Орозалиева атындагы мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Саадат Бабырова карантиндеги мугалимдер менен дарыгерлердин эмгегин баалап, жалпы журтка кайрылуу жолдоду.
Кыргыз элим кылымдарды карыткан,
Урпагыбыз улуу ата-бабамдын.
Касиеттүү Талас жерин мекендеп,
Манас атам туу көтөргөн байрагын.
Кыйын күндө Манас атам колдогон,
Умай энем аластаган элимди.
Оору, сыркоо, ылаң деген балээден,
О Теңирим, сакта кыргыз элимди!
Ар бир үйдө ата салты уланып,
Ыйман менен жаркып турсун жүзүбүз.
Комуз күүсү коштоп өмүр кемесин,
Манас айтып, улуу жолун уласын!
Мектеп жабык, шаңга толгон күндөр жок,
Үйдөн окуп, теле сабак көрөбүз.
Мугалимдер- асыл жандар ардактуу,
Ата-энеге сабыр тилеп келебиз.
Сагындык мектеп, биз сени,
Сабакты, борду, досканы.
Билимге терең умтулган,
Сүйүктүү окуучуларымды.
Акыл-ой калчап бир жүргөн,
Сагындык эже-агайды.
Ардактуу кесип ээлери,
Кесиптештер, сагындык биз силерди!
Айыл жери берекелүү ыйык жер,
Карантинди эмгек менен өткөрөт.
Ак эмгектен бакыт таап элибиз,
Балдарын да ак эмгекке үйрөтөт.
Кыйын күндө дарыгерлер иштеди,
Үйдө болбой, далай таңды атырып.
Гиппократтын антын берген асылдар,
Дарыгерлер — жараткандын жер үстүндөгү балдары!
Комментарийлер