“СААМАЛЫК-17” КИТЕБИНИН БЕТ АЧАР АЗЕМИ ӨТТҮ

  • 12.12.2023
  • 0

12-декабрда Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордо “Саамалык-17” китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Чыгармачылыкка жаңыдан кадам таштаган авторлор арасындагы “Саамалык-17” республикалык адабий конкурсу 2022-жылдын 1-декабрында жарыяланып, 2023-жылдын 25-апрелине чейин өтүнмөлөр кабыл алынган. Конкурска катышуу үчүн жалпысынан 106 автордон кайрылуу келип түшкөн. “Саамалык-17” адабий альманахка 42 автордун чыгармачылык эмгектери кирген.

Иш-чаранын максаты – авторлорду, басылма ээлерин, инновациялык идеяларды жана тажрыйбаларды колдоо, илим, билим берүү, маданий чөйрөдө китепти жана окууну андан ары жайылтууга көмөк көрсөтүү, жаш калемгерлердин чыгармачылыгына өбөлгө түзүү, аймактарда жаш таланттарды аныктоо болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, калемгерлердин туңгуч чыгармалары топтолгон “Саамалык” адабий альманахы 2000-жылдан бери жарык көрүп келе жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер