С.ЖАПАРОВДУН ОНЛАЙН КАТЫШУУСУНДА ЖАҢЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ АЧЫЛДЫ
- 26.12.2025
- 0
25-декабрда IV Элдик курултайдын ачылышында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда өлкөдө 94 объект ачылды.

Билим берүү тармагын алсак, алыскы Нарын шаарында №2 В.Чкалов атындагы орто мектептин жана №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектептин жаңы имараттары пайдаланууга берилди.



В.П.Чкалов атындагы жалпы билим берүүчү №2 мектебинин кошумча 500 орундуу билим уясы 178 миллион сомго курулду. Ал эми Ж.Чолпонбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү №10 мектептин жаңы имараты 375 орундуу мектеп республикалык бюджеттен 168 миллион 964 сомго каржыланып салынды. Ошондой эле Баткен облусунда 11 объект пайдаланууга берилсе, анын ичинен үчөө билим берүү мекемелери. Алар: Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын Кара-Дөбө айылындагы 225 орундуу З.М.Бабур атындагы мектеби; Лейлек районунун Кулунду айылындагы Т.Жолдошев атындагы орто мектеби капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү жана Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Охна айылындагы гимназия мектеби капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү. Мындан сырткары Бишкек шаарында №88 «Баластан» жаңы бала бакчасы эшигин ачса, капиталдык оңдоодон кийин инновациялык технологиялар мектеп-лицейи ачылды.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер