Республикалык компетенция борбору мектеп ашпозчуларынын билимин жогорулатат
- 15.01.2025
- 0
Тамак-аш боюнча инженер-технолог Мунара Азисова ашпозчулардын көбү тамак-аш жасоонун ыкмаларын үйрөнгөндөн кийин эмгек акысы жогору жайларга кетип каларын айтты.
Республикалык компетенция борборунда мектеп ашпозчулары жана ашкана кызматкерлери меню түзүүгө, калорияларды эсептөөгө жана жаңы технологиялар менен тамак даярдоого окутулат. Бул тууралуу Мунара Азисова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
«Ашпозчулардын айлыгы абдан жогору. Тажрыйбалуу болобу, же жаңыдан баштаган ашпозчу болобу, жакшы акча табат. Бирок мектеп ашпозчуларынын маянасы аз. Ал жакка билимдүү ашпозчулар иштебейт. Ошондуктан мектептер тамак-ашты жакшы жасаган, бирок билими жок ашкана кызматкерлерин алууга мажбур болуп жатышат. Ал үй шартында аябай жакшы, даамдуу жасаганы менен мектепте ысык тамак жасоодо санитардык жана жеке гигиенаны сактоону, ошондой эле чийки азык-түлүктүн бири-бирине кошулмалуулугун, жабдууларды иштетүүнү жана алардын температурасын туура коюуну билбеши мүмкүн. Мунун баарын мектеп ашпозчулары биздин борборго келип кыска мөөнөттүү курстардан үйрөнүшөт. Балдардын тамактануусу чоң адамдын тамактанганынан кыйла айырмаланып турат. Жаш балдардын организми ооруларды бат кабыл алгандыктан аларга пайдасы көп жана күчтүү тамак берген оң. Учурда жаңы калория киргизилип жатат. Мурда 2100 калориялуу болсо, эми 2400гө көтөрүлүшү ыктымал. Бүгүнкү күндө белок, йод, темир жетишсиз болгон балдар арбыды. Алар окутуу учурунда сөзсүз эске алынат. Борбордо ашпозчулардын каалагандай билим алуусуна шарттар түзүлгөн. Жумушуна, бошогон убактысына карап, айтор, өзүнө ылайыктуу учурда билим ала алат», — деди Азисова.
Ал ошондой эле курстун алдында ашпозчуларга тестирлөө жүргүзүлүп, анын негизинде окутуу программалары аныкталарын кошумчалады.
Комментарийлер