РЕКТОРЛОР ФОРУМУ: чакырыктар, трансформация, интеграция
- 20.11.2024
- 0
Бүгүн Бишкекте “Борбордук Азия университеттеринин трансформациясы глобалдык чакырыктардын контекстинде” деген темада Борбор Азиядагы жогорку окуу жайлардын ректорлорунун үчүнчү форуму өтүүдө.
Форумга Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекеттик кызматкерлери, ректорлору, илимпоздору, окутуучулары жана эксперттер катышууда.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева форумда жогорку окуу жайлары глобализациянын жаңы шартында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, эл аралык атагы бар алдыңкы университеттер менен карым-катышты күчөтүп, өнүгүүнүн жаңы заманбап жолун табышы керек деп билдирди.
«Бүгүнкү күндө глобалдык чакырыктарга жооп катары Борбордук Азия университеттерин трансформациялоо бардык кызыкдар тараптардын координацияланган аракеттерин талап кылат: өкмөт, билим берүү мекемелери, жеке сектор жана жарандык коом. Биз негизги багыттарга көңүл буруубуз керек. Алар: санариптештирүү, туруктуу өнүгүү, жашыл экономика, эл аралык кызматташтык жана инновация. Бул өзгөртүүлөр биздин студенттер, мугалимдер жана бүткүл аймак үчүн жаңы горизонтторду ачат», — деди министр.
Аль Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ректору Туйменбаев Жансейит «Борбордук Азия мамлекеттеринин илимий потенциалын жогорулатууда заманбап илим жана билим берүү борборлорунун ролу (Аль-Фараби атындагы КазМУнун мисалында») темасында доклад окуп, QS ASIA UNIVERSITY RANKINGS 2023 рейтингинде КазМУ Азия университеттеринин арасындагы мыкты рейтингдердин топ 4 кирип, 856 университеттердин арасынан 29-орунду ээлегенин айтты.
Ректор докладында «FARABI HUB» платформасы менен тааныштырды. «FARABI HUB» — Борбордук Азиядагы жогорку технологияларды өнүктүрүү үчүн долбоорлор жана стартаптар жайгашкан инновациялык платформа. Бул инновациялык чечимдер студенттерди, изилдөөчүлөрдү жана ишкерлерди бириктирет деди.
Жансейит Туйменбаевдин айтымында, «FARABI HUB» университеттер, технологиялык компаниялар, инвесторлор жана мамлекеттик органдарды бириктирген экосистеманын бир бөлүгү болуп калат. Өнөктөштөр долбоорлорду колдоодо негизги ролду ойнойт.
Ошондой эле ректор күчтүүлүгү 1940 терафлоп суперкомпьютери тууралуу айтып, бул илимдин, техниканын, бизнестин жана коомдук турмуштун ар кандай тармактарындагы татаал жана ресурсту көп талап кылган маселелерди чечүү үчүн колдонула турган эбегейсиз зор эсептөө мүмкүнчүлүктөрүн берет деп кошумчалады.
Бул форумдун алдында 2024-жылдагы Азиянын эң мыкты университеттеринин жаңы рейтинги (QS ASIA UNIVERSITY RANKINGS 2025) жарыяланып, анда Кыргызстандын алты жогорку окуу жайы бул тизмеге кирди. Анда Кыргыз-Түрк “Манас” университети 230-орунду, Ош мамлекеттик университети менен Борбор Азиядагы Америка университети 260-орунду, Кыргыз-Россия-Славян университети 333, Кыргыз улуттук университети 381 жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 381-орунду ээледи.
«Кыргызстандын ЖОЖдору QS ASIA UNIVERSITY RANKINGS 2025 рейтингинде биринчи жолу байкаларлык жыйынтыктарды көрсөткөнү – бул жогорку билимдин өнүгүп жатканынын далили. Бул алгачкы ийгилик билим берүүнүн сапатын, илимий активдүүлүктү жогорулатуу менен, эл аралык байланыштарды чыңдоо боюнча максаттуу иштердин аркасындагы реалдуу натыйжалардын көрсөткүчү. Бирок азыркы жетишкендиктер канчалык маанилүү болсо да, биз келечекке көз салып, позициябызды жакшыртуу үчүн иштей беришибиз керек. Биздин жалпы максат – күчтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү университеттерди түзүү”, – деген Министрлер Кабинетинин башчысы А. Жапаров.
Акылбек Жапаров ошондой эле Министрлер кабинети келечектүү багыттар боюнча бюджеттик орундарды көбөйтүүнү максат кылып жатканын белгилеп, быйыл IT адистерин даярдоо үчүн 4 миң бюджеттик орун бөлүнгөнүн билдирген.
Форумда Борбор Азиядагы университеттердин өкүлдөрү билим, илим жана бизнести интеграциялоонун актуалдуу маселелери, университеттердин дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциясы, коопсуздук, экономикалык изилдөөлөрдүн приоритеттүү багыттарын өнүктүрүү, билим берүүнү санариптештирүү, заманбап мугалимдин маалыматтык-технологиялык компетенттүүлүгү, дистанттык, электрондук, гибриддик окутууну ишке ашыруу, окуу процессинде жасалма интеллект тууралуу баяндама жасап, тажрыйбалары менен бөлүштү.
Ошондой эле “Билим, илим жана бизнестин интеграциясы – заманбап университеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизи”, “Изилдөө университети – экономиканы модернизациялоонун маанилүү ресурсу” жана “Санариптик билим берүү – заманбап жогорку билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги вектору” деген темаларда панелдик талкуулар болду.
Форумдун алкагында Борбор Азиядагы университеттер арасында кызматташтык жана алакалар боюнча меморандумдарга кол коюлуп, декларация кабыл алынды.
Кыргыз улуттук агрардык университети казакстандык үч агрардык университет менен кызматташуу келишимине кол койду. Окуу жайдын ректору Рысбек Нургазиевдин айтымында, дүйнө мейкиндигинде илимдин аркасы менен жакшы өзгөрүүлөр болууда. Форум жогорку кесиптик билим берүү тармагында, өзгөчө илим жаатындагы бири-бири менен тажрыйба алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк.
«Маселен, биз келишим түзгөн Аль-Фараби окуу жайы илимий хаб ачып, ал аркылуу бүтүндөй өлкөсүнө жардам берүүдө. Бул тууралуу форумда окуу жай менен түз байланышып, керектүү маалыматтарды алдык. Биз да ушундай ачылыштарга аракет кылышыбыз керек. Себеби 20-кылым физика жана химиянын кылымы болсо, 21-кылым биотехнологиянын заманы», — деди ректор.
Маалымат үчүн:
Борбордук Азия университеттеринин ректорлорунун форуму 2021-жылдан бери, Борбор Азиянын жогорку билим берүү мейкиндигин түзүү жөнүндө декларацияга (Түркстан декларациясы) кол коюлгандан бери өткөрүлүп келет, анда Борбор Азиянын маданий баалуулуктарын өнүктүрүүдө университеттердин негизги ролу баса белгиленген.
Декларацияда Борбор Азиянын жогорку билим берүүсү аркылуу жарандардын мобилдүүлүгүн арттырып, аларды ишке орноштуруу аркылуу чөлкөмдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү каралган.
2022-жылы Бишкекте “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” аттуу ректорлордун дүйнөлүк форуму өткөн. Ага дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын жүздөн ашуун жетекчилери жана билим берүүдөгү эксперттер катышып, жаштардын илимий-техникалык потенциалын ишке ашыруу, ЖОЖдордун интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу, изилдөө жана билим берүү кызматтарын көбөйтүү үчүн илимий мектептерди уюштуруу жолдору талкууланган.
Кийин Ош шаарында Өзбекстандын 16, Кыргызстандын 36 жогорку окуу жайынын ректор жана проректорлорунун катышуусунда кыргыз-өзбек жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму өткөн. Анда эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык кызматташтыкта университеттердин ролун жогорулатууга багытталган ырааттуу иш-аракеттерди жүргүзүү, ЖОЖдорду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, окуу процессин интеграциялоо боюнча долбоорлор жана программаларга, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүнүн маселелерин чечүү жолдору каралган. Университеттердин эл аралык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча сексенден ашуун кызматташуу келишимдерине жана меморандумдаруна кол коюлган.
Ушул эле форум Кыргызстан-Казакстан жогорку окуу жайларынын ректорлорунун катышуусунда да өткөн.
Ал эми жакында эле кыргыз-орус билим берүү форумунда ЖОЖдордун жана экономиканын реалдуу секторунун өз ара аракеттешүүсү, жаңы технологияларды киргизүү, жаштар ишкердигин илгерилетүү талкууланган. Өзгөчө көңүл академиялык мобилдүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрүнө, тармактык программаларды өнүктүрүүгө, агрардык жана медициналык ЖОЖдордун орус-кыргыз консорциумдарынын келечегине бурулган.
Россия Өкмөтү кыргыз жарандары үчүн 2025-жылга карата 700 квота бөлгөн.
Эльвира Какиева, Айгерим Токтобаева, Дилде Шатанова
Комментарийлер