ПРОКУРАТУРА ТЕКШЕРҮҮСҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ: №95 МЕКТЕПТИН ДИРЕКТОРУ БОШОТУЛДУ
- 13.03.2026
- 0
Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу тиешелүү органдар билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мектепте айрым мугалимдер окуучулар үчүн уюштурулган кошумча сабактарга мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча каражаттарын алып келишкен. Мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылууга багытталган жарлыгынын талаптарына каршы келет.
Прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында бир катар жоопкерчилик чаралары көрүлдү. Тактап айтканда, мыйзам бузууларга жол берген төрт педагог административдик жоопкерчиликке тартылды. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин беш кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Ал эми мектептин директору ээлеген кызматынан бошотулду.
Тийиштүү органдар билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултуу көрүнүштөрүнө бөгөт коюу багытында иштер улантылып жатканын билдиришти. Бул багыттагы текшерүүлөр мындан ары да улантылып, мыйзам талаптарын бузган учурлар боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.
Эске салсак, мыйзамга ылайык мамлекеттик мектептерде негизги билим берүү процесси акысыз жүргүзүлүүгө тийиш жана ата-энелерден милдеттүү түрдө акча чогултуу мыйзамсыз болуп эсептелет.
Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер