ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯНЫН ЭЭЛЕРИ

  • 16.12.2024
  • 0

Бүгүн, 16-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жогорку окуу жайлардын мыкты деп табылган 90 студентине Президенттик стипендия тапшырды.

ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯНЫН ЭЭЛЕРИПрезиденттик стипендияны Баткен мамлекеттик университетинин үч студенти алды. Алардын  бири — педагогика факультеинин 4-курсунун студенти Айзат Абдижалил кызы. Ал 1-курска келгенде Президенттик стипендия тууралуу угуп, ошол кезден эле даярдыкты баштаган. Окуу жайдагы кандай гана иш-чара болбосун, баарына активдүү катышып келген. Илимий конференциядан алган 1-даражадагы диплом студентти шыктандырып, ого бетер кызыгуусун арттырган.

 

— Садыр Нургожоевичтин колунан стипендия алып, өзгөчө сезимдерде болуп турам. Окуу жайымдын ректору Айдарбек Гыязов өзү чалып куттуктаганда ого бетер сүйүндүм. Менин президенттик стипендия алышыма өзүмдүн эле эмес, окутуучуларымдын да салымы зор. Илимий конференцияларга, олимпиадаларга катышып, көп сертификат, дипломдордун ээси болдум. Аны менен катар эле коомдук иштерге да активдүү катыштым. 1-курстан бери өзүмдү көрсөттүм. Ошол себептен бул сыйлыкты көп убакыт күттүм десем болот,  — дейт студент.

ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯНЫН ЭЭЛЕРИ

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин филология бөлүмүнүн кытай тили жана адабияты багытында 4-курста билим алып жаткан Нуриса Бейшекеева да өлкө башчынын колунан стипендия алып, кубанычында чек жок. 2025-жылы окуу жайды кызыл диплом менен аяктап, магистратураны Кытайдын окуу жайында улантууну көздөйт.

  • Кыргыз-Түрк “Манас” университинде билим алган алдыңкы студенттердин ичинен эң мыкты деп табылып, президенттик стипендияга татыктуу болуп жатканыма абдан кубанычтамын. Бул үчүн окутуучуларыма жана ата-энеме ыраазычылыгымды билдирем. Бала кезимден эле класстын старостасы болуп, мектептеги иш-чараларга активдүү катышып, окуу жайымдын президенти болгом. Кийин университетке келгенде да өзүмдүн активдүүлүгүмдү токтотпой, тайпамдын старостасы болууга жетиштим. Кытай тили багытындагы республикалык, эл аралык сынактарга катыштым. “Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилени чыңдоо”, “Кытай тилинин Кыргызстанга таасири” деген сыяктуу темаларда илимий макалаларды жаздым. Келечекте Кыргызстан менен Кытайдын мамилесин чыңдоо жаатында дипломат болууну кыялданам, — дейт.

ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯНЫН ЭЭЛЕРИ

Ушул эле окуу жайдын коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Алина Маматова да президенттик стипендиянын ээси. Ал — «КМШнын мыкты студенти», » Түрк мамлекеттеринин мыкты студенти» наамдарына татыктуу болгон. Мектеп курагынан “Президентке жолугуп, сыйлык алам” деген ой менен ЖРТда аракет кылып, тилекке каршы, аз эле айырмачылык менен ЖРТдан эң көп балл алган окуучулардын катарына кирбей калган. Бирок, тилеги бүгүн орундалып, президенттин колунан стипендия алып отурат.

  • Чындыгында,  күткөн эмесмин. Университет тарабынан сунушталып калганыма таң калып, ошону ийгилигим деп эсептеп, кубанып жүргөм. Ажонун колунан бул сыйлыкты алуу өзгөчө бакыт, кубаныч, беш жылдык эмгегимди жемиши деп билем. Албетте, мындай сыйлык биз үчүн стимул, мотивация болот. Буга чейин тайпамдын алдыңкы студенти катары окуудагы жетишкендиктерим үчүн стипендия алып келгем. Университеттеги билим берүү, коомдук-маданий иш-чараларда да активдүү болууга болгон күчүмдү жумшадым. Убакыттан пайдаланып ата-энеме,  жакындарыма, университетиме, кураторума терең ыраазылык билдирем,  — деди Президенттик стипендиянын ээси.

 

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер