ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ: “ЭЛИБИЗДИН НАМЫСЫ, ЭРКИНДИГИ, СЫЙМЫГЫ БОЛГОН МАМЛЕКЕТТИК ЖЕЛЕГИБИЗДИ БИЙИК КАРМАЙЛЫ!”

  • 03.03.2022
  • 0
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ: “ЭЛИБИЗДИН НАМЫСЫ, ЭРКИНДИГИ, СЫЙМЫГЫ БОЛГОН МАМЛЕКЕТТИК ЖЕЛЕГИБИЗДИ БИЙИК КАРМАЙЛЫ!”

“Элибиздин намысы, эркиндиги, сыймыгы болгон мамлекеттик желегибизди бийик кармайлы!”,- деп белгиледи бүгүн, 3-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик желектин 30 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу мекендештер, кымбаттуу кыргыз калкым,

жалпы кыргызстандыктар!

Тээ эзелтеден эле уңгулуу кыргыз журтчулугунда элдин башын кошуп, бириктирип турган улуу түшүнүктөр болгон. Алар атадан балага, муундан муунга ыйык таберик болуп сакталып өтүп келген. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” ынтымакташкан, бир туунун астында биригип, “Өлсөк бир чуңкурда, жеңсек бир дөбөдө бололу!” деген ураандын астында жашап келген улуу кыргыз эли ошол ыйык табериктерге астейдил мамиле кылып, мына бүгүнкү күнгө чейин учугубуз уланып келип олтурат.

Эң алды ошол бир туунун астында биригип келген, өз кезеңинде улуу мамлекеттерди куруп, урпактарга мурастап кеткен бабаларыбызга таазим этүү менен бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада мамлекеттүүлүктүн белгилеринин бири болгон мамлекеттик желегибиздин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен жалпы Кыргызстан элин чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз мамлекеттүүлүгү мындан ары да чыңдалып, байрагыбыз бийик желбирей берсин!

Тарых бүктөмдөрүндө не деген гана улуу элдер болгондугу тууралуу улуу баяндар, кашкайган тарыхый чындыктар айтылып, алар ошол бойдон тарых беттеринде гана калып, башка элдерге сиңишип кеткендиги белгилүү. Ал эми “кыргыз” этноними ошол улуу элдердин катарында болгондугун улам барган сайын тарыхый ачылыштар, алардын ичинде, тарыхтын далай окуяларына чогуу күбө өтүшүп, ирегелеш жашап келаткан улуу кытай элиндеги тарыхый маалыматтар дагы таасын тастыктап барат!

Бүгүнкү күндө дал ошол улуу атын өзгөртпөй, эгемен кыргыз мамлекети болуп ааламдашуу процессине аралашып жашап келе жаткандыгынын өзү эле ошол улуу элдин урпактары болгон биз үчүн чоң сыймык. Себеби эчендеген кылымдарды баштан өткөргөн кыргыз элинде байыркы замандарда эле мамлекеттүүлүктүн бардык белгилери болгон. 3000 жылдан ашуун мезгил мурун эле кыргыз эли болгондугу тууралуу айтылып баштаган тарыхый маалыматтарда “Улуу кыргыз дөөлөтү”, “Улуу кыргыз каганаты”, “Алтын доор” деген аттар менен тарыхта калгандыгын өзү эле өз мезгилинде ата-бабаларыбыз күчтүү мамлекет курууга жетишкендигин далилдеп турат.

Борбор Азиянын бир өңүрүнө, кеңири мейкиндикке ээлик кылган көчмөн элди “Моголстандын арстандары”, “Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз, кырылган сайын күчөгөн кыргыз”деп тергелиши дагы жөн жерден айтылып калбаган чыгар…

Андан берки эле ооздон-оозго өтүп, муундан муунга мурас кылып айтылып келаткан, кыргыз элинин рухий жаназыгы саналган ошол эле “Манас” дастаныбызда:

“Ак асаба, кызыл туу,

Айгайлаган ызы-чуу.

Көк асаба, кызыл туу,

Көк жаңырган улуу чуу”,- деп айтылып, мамлекеттүүлүктүн белгилеринин бири болгон туу менен кол башталары  айдан ачык айтылып олтурат.

Ал эми бүгүнкү салтанаттуу иш-чарабызга байланыштуу алоолонгон от сымал кызыл түстөгү кызыл байрагыбыздын келбетине азыноолак токтоло кетким келип турат. Ооба, желегибиздин кызыл түстө болушу окумуштуулар, санжырачылар, тарыхчылар, изденүүчүлөр арасында бир топ пикирлерди жаратып келет. Ошентсе да алоолонгон түстөгү кыргыздын кызыл туусу тууралуу байыркы Орхон-Энесай жазууларында дагы эскерилип кеткени салмактуу аргумент боло алат го деген ойдомун.

Кандай болгон күндө дагы мындан 30 жыл мурун эл өкүлдөрү талашып-тартышып тактык жараткан талкуудан соң, кабыл алынган мамлекеттик желек тууралуу мыйзамды сыйлашыбыз абзел жана мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн мамлекет катары бул мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуубуз кажет.

Ал эми туубузга түшүрүлгөн түндүктүн, андан нуру чачырап турган күндүн элеси көргөндүн көз жоосун гана албастан, терең маанини берерин жаземдебей билебиз.

Чындыгында эле улуу көчмөн маданиятынын белгиси болгон түндүк элибизде өз алдынчалыкты, ынтымак-биримдикти билдирип, бүтүн бир үй-бүлөнү таасын туюнткан өзгөчө символ. Эл оозундагы “түндүгүң түшпөсүн, чамгарагың бийик болсун, өзүнчө түндүк көтөрүп, түтүн булатып” деген түшүнүктөрдүн эзелтеден тарта эмдигиче айтылып келе жаткандыгынын өзүндө эле кандай сырдуу маани жатат.

Ошондуктан, туубузга атайын чегерилген түндүгүбүз Кыргызстанды тааныта турган бөтөнчө белги, бабалар мурастаган мөөр-тамга катары аздектелип, желбиреген желегибизге көрк берип турганы кубандырат. Ал эми өмүрдүн, түбөлүктүүлүктүн, мээримдүүлүктүн, тынчтыктын, теӊчиликтин айныгыс белгиси болгон күндүн 40 нурунун чачырап түшүп турганы 40 уруу кыргыз эли бир түндүктүн айланасына баш кошуп, бир бүтүн, биримдиктүү элди элестетери жамы журтубузга жакшы белгилүү.

Урматтуу мекендештер!

Мамлекеттик символдор өлкөбүздүн баш мыйзамы болгон Конституцияда белгиленип, аларды пайдалануунун тартиби, ыйыктыгы мыйзам менен бекемделиши да тегин жерден эмес. Ага президенттик кызматка киришүү иш-чарасында ыйык тууга баш тийгизип, урмат көргөзүп, элге кызмат кылууга ант берүү салтанаты, өлкө сыртына чыкканда, эл аралык жолугушууларда мамлекеттик желектин илиниши, эл аралык тармактык мелдештердин жеңүүчүлөрүн жарыялоодо өлкөнүн туусунун бийик желбиреши жана башкалар таасын мисал болуп бере алат.

Президенттик кызматка киришкенде кызыл байрагыбыздын бир учун аяр кармап, башымды тийгизип ант бергеним, андан берки Токио олимпиадасындагы спортчуларыбыздын ийгиликтерди багынткандагы күн нуру чачыраган кызыл туубуздун бийик желбиреши “Мен кыргызстандыкмын!” деген жарандардын не деген мекенчил, не деген атуулдук сезимдерин козгободу, кубанычтын жашын кылгыртпады.

Бүгүнкү күндө желегибизди чет жерде желбиретип, мекендештерди дал ушундай кубанычка бөлөйм деген ар тараптуу өнүккөн атуулдарыбыз арбын. Өлкөмдүн бир тармагын өнүктүрүп, чет жерге таанытып, туу көтөрөм деген долбоорлору даяр демилгелүү жаштарыбыз четтен чыгат. Аларга болгону аз гана мамлекеттик колдоо, дем-күч жетишпей турат. Мен дагы өлкөмдүн атын алыска чыгарып, потенциалдуу тармактарын өнүктүрсөм, улутумдун өнүгүшүнө салым койсом деген жигердүү жаштарды жетем деген максатына жетелөөгө дилгирмин. Мен дагы өнүккөн Кыргызстанды көрүүгө куштармын жана ага бар күч-аракетимди жумшайм. Мен дагы Кыргызстанымдын эл аралык коомчулукта аброюн арттырып, туусун желбиретүүгө даярмын. Мына бизди – мамлекеттик бийликти эл менен байланыштыруучу улуу күч – кызыл туубуз, мамлекеттик желегибиз, түндүгү менен күн нуру куп жарашкан байрагыбыз!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Мамлекеттик желегибиз Мекенибиздин сыймыгы, Кыргызстандын жүзү экенин эгерим эстен чыгарбайлы! Байрагыбыз бийик желбиресе, Мекенге болгон сүйүү сезимибиз артат, атуулдук ариетибиз, ар-намысыбыз да кызыл туубуз менен бир катарда турарын билип, аны ар дайым урматтайлы. Кызыл туубуз кылымдарды карыткан тарыхта дагы, азыркы жашап жаткан заманыбызда дагы жана келечекте дагы биримдиктин, ынтымактын тиреги болуп келген, мындан ары дагы боло бермекчи. Ошондуктан, элибиздин намысы, эркиндиги, сыймыгы болгон мамлекеттик желегибизди бийик кармайлы! Мамлекеттик желегибиздин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен дагы бир жолу чын дилимден куттуктайм!”.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер