PISA — 2025: ОКУУЧУЛАРДЫН ИЛИМИЙ САБАТТУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГ
- 08.01.2025
- 0
«PISA компетенцияларын калыптандыруу аркылуу окуучулардын илимий сабаттуулугун жогорулатуу» окуу тренингдери Талас облусу боюнча өтүп жатат.
Талас облустук усулдук борборунун жетекчиси С.Бейшенованын айтымында, математика багыты боюнча 310 мугалим, ал эми илим багыты боюнча 437 мугалим, жалпы облус боюнча 750гө жакын мугалим кесиптик чеберчилигин жогорулатууда.
— Учурда Айтматов, Манас районунун мугалимдери Айтматов районундагы М.Орозбеков а.о. мектебинде илим жана математика багытында эки группа окуп жатат. Бакай-Ата, Талас районунун мугалимдери Талас шаарындагы №1 о.м. илим багытында (физика, химия, биология, георграфия) 2 группа жана математика багытында 1 группа мугалимдер окушууда. (Матем.жана табыгый илимдер курсу жыйынтыкталат). Окуучулардан сураганыбызда теманы изилдеп алып чыгуусу абдан кызыктуу экенин айтышты. Ал эми мугалимдер сабактын планын түзүүдө кылдаттык менен пландоо керектигин билдиришти, — дейт жетекчи.
Мониторинг 24-январда аяктайт.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер