ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ КЕСИПКӨЙЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТТЫ

  • 05.06.2024
  • 0

Казакстан мамлекетинин Н.Назарбаев атындагы университетинде «Билим берүү, тилдерди окутууда жасалма интеллект (AI) жана EdTECH цифралык технологиялар менен интеграциялап окутуу» аттуу эл аралык семинар-тренинг болуп өттү.

Аталган тренинге ОшТУнун мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор А.Т.Саттарова 72 сааттык семинар-тренингге катышып,  кесипкөйлүгүн жогорулатып келди.

Мындан сырткары аталган тренингге гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучусу Надилбек кызы Бегимай онлайн катышып, модулдук тапшырмаларды жаңы сайт менен иштөөнү үйрөнүп, студенттер менен бирге аткарышты.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер