ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ КЕСИПКӨЙЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТТЫ
- 05.06.2024
- 0
Казакстан мамлекетинин Н.Назарбаев атындагы университетинде «Билим берүү, тилдерди окутууда жасалма интеллект (AI) жана EdTECH цифралык технологиялар менен интеграциялап окутуу» аттуу эл аралык семинар-тренинг болуп өттү.
Аталган тренинге ОшТУнун мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор А.Т.Саттарова 72 сааттык семинар-тренингге катышып, кесипкөйлүгүн жогорулатып келди.
Мындан сырткары аталган тренингге гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучусу Надилбек кызы Бегимай онлайн катышып, модулдук тапшырмаларды жаңы сайт менен иштөөнү үйрөнүп, студенттер менен бирге аткарышты.
А.Кашыбаева,
“Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер