ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ФЕРГАНАДА

  • 06.02.2023
  • 0

ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ФЕРГАНАДА

Өзбекстандын Мухаммед-аль-Хорезми атындагы Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин Фергана филиалы жана Фергана политехникалык институту менен Ош технологиялык университетинин ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык, ОшТУнун окутуучулары атайын иш сапар менен коңшу мамлекеттин аталган окуу жайларына барды.

ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ФЕРГАНАДА

ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Мамытов, кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы Ш.Сайдаматов, маалыматтар технологиялары жана башкаруу кафедрасынын башчысы А.Сатыбаев, Гуманитардык-технологиялык колледждин окутуучусу У.Элчибеков Фергана политехникалык институтунун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору З. Хамракулов, эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Н.Исмоилов жана компьютердик технологиялар факультетинин деканы М. Тохиров менен жолугушуу өткөрүштү. Бул жолугушууга аталган институттун профессордук-окутуучулук курамы дагы катышып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ФЕРГАНАДА

Ошондой эле Ш.Сайдаматов, А.Сатыбаев, У. Элчибеков семинар-тренингге катышып, кызуу талкуулар болду. Эки элдин материалдык жана руханий маданияты туурасында лекциялар өтүлдү. Фергана политехникалык институтунун профессордук-окутуучулар жамаатына кыргыз элинин  материалдык жана руханий маданияты туурасында У.Элчибеков лекция окуду.

Иш сапар 4-февралда Мухаммед-аль-Хорезми атындагы Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин Фергана филиалында уланып, ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Мамытов  жана ТАТУнун ректору Ф. Мухтаров , илим боюнча проректору Б.Полвонов ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, бир катар келишимдерге кол коюлду.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер