ОШТУДА УКУК БУЗУУЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

  • 10.09.2025
  • 0

Ош технологиялык университетинде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы, подполковник Дамирбек Исаков, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, муниципалдык башкармалыгы, социалдык башкармалыгы, үй-бүлөлүк коргоо башкармалыгы жана муфтияттын өкүлдөрү, ошондой эле университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулар курамы жана структура жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө атайын башкармалык тарабынан даярдалган видеоролик көрсөтүлдү. Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова өз сөзүндө мыйзам бузуулар менен кылмыштуулуктун алдын алуу, коррупцияга каршы күрөш жана балдардын туура тарбияланышы коомдун өнүгүүсүндөгү негизги багыттар экендигин белгиледи. Ал жаштарды жоопкерчиликтүү болууга, адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого, бактылуу келечек үчүн туура жолду тандап, коомго үлгү болууга чакырды.

ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев студенттердин коопсуздугу биринчи орунда экенин белгилеп, укук коргоо органдары менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алууга даяр экенин айтты. Ошондой эле университеттин башкы максаты жаштарды туура жолго багыттап, сапаттуу билим берүү аркылуу коомго үлгү боло турган адистерди тарбиялоо экенин белгиледи.

Иш-чаранын катышуучулары укук бузуулардын алдын алуу, жаштардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти чыңдоо багытында маанилүү сунуштарды ортого салып талкуулашты.

Суроо-жооп иретинде катышуучуларды кызыктырган маселелер ортого салынып, тиешелүү жетекчилер жана адистер суроолорго кеңири жоопторду беришти. Алар ушул сыяктуу профилактикалык иш-чаралар жаштардын туура багытта калыптанышына, коомдук жоопкерчилик сезиминин жогорулашына жана университет менен укук коргоо органдарынын кызматташтыгынын бекемделишине өбөлгө түзөрү баса белгилешти.

ОшТУнун басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер