ОШТУДА АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА СЫНАК ӨТТҮ

  • 19.02.2020
  • 0

23-февраль — Ата мекенди коргоо күнүнө карата  Ош технологиялык университетинин мектеп–лицейинде мырзалар арасында сынак  өттү.ОШТУДА АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА СЫНАК ӨТТҮ

Аталган иш-чара окуучулардын интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу жана  мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулду. Сынакка мектеп –лицейдин мыкты деп тандалып алынган мырзалары катышып, ыр-бий менен коштолгон сынакта ар бир мырза өз өнөрлөрүн көрсөтүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Жыйынтыгында биринчи орунду  Жакыпов Актан, экинчи орунду  Маметов  Даниэль, ал эми үчүнчү орунду Урайым уулу Режап ээледи. Жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектер ыйгарылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер