ОШТУ GIZ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУН КЕҢЕЙТЕТ

  • 01.06.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Турсунбаев Германиянын Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Борбордук Азиядагы экономикалык өсүш секторлору үчүн кесиптик билим берүү долбоору боюнча жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча кеңешчиси Зарина Оморова менен жолугушту.

Аталган уюм ОшТУнун илимий-изилдөө жана сырткы байланыштарын өнүктүрүүдөгү маанилүү өнөктөштөрдүн бири. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биздин университетте жүрүп жаткан жана жаңыдан башталган долбоорлор боюнча кеңири талкуу болуп, алдыдагы келечек пландар тууралуу макулдашылды. ОШТУ GIZ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУН КЕҢЕЙТЕТ

Учурда окуу жайда Германиянын Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) төрт долбоору ишке киришти. Алар “Борбордук Азиядагы экономикалык өсүү секторлору үчүн кесиптик билим берүү”, “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөктөшүү” долбоорлорунун алкагында жүрүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер