МЕКТЕПТЕГИ ТАМАКТАНУУНУ ОПТИМАЛДАШТЫРУУ ЖАНА ЖАҢЫ КАДАМДАРДЫ АНЫКТОО

  • 23.06.2025
  • 0

2025-жылдын 20-июнунда Ош  шаарында жалпы билим берүү уюмдарындагы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тамактанууну жакшыртуу маселелерине арналган семинар өткөрүлдү.

МЕКТЕПТЕГИ ТАМАКТАНУУНУ ОПТИМАЛДАШТЫРУУ ЖАНА ЖАҢЫ КАДАМДАРДЫ АНЫКТОО

Маалыматка таянсак, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, мектеп директорлору, ошондой эле БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кызматкерлери катышты.

МЕКТЕПТЕГИ ТАМАКТАНУУНУ ОПТИМАЛДАШТЫРУУ ЖАНА ЖАҢЫ КАДАМДАРДЫ АНЫКТООМЕКТЕПТЕГИ ТАМАКТАНУУНУ ОПТИМАЛДАШТЫРУУ ЖАНА ЖАҢЫ КАДАМДАРДЫ АНЫКТОО

 

Семинардын негизги максаты — «Кыргыз Республикасында мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу» программасынын ишке ашырылышы боюнча жыйынтык чыгаруу жана 2025-2026-окуу жылына карата кийинки кадамдарды аныктоо болду. Өзгөчө көңүл 2025-жылы программаны кеңейтүүнүн 35 мектепти жана 13 пилоттук мектепке чейинки билим берүү уюмун камтыган 13-агымын ишке киргизүүгө бурулду.

МЕКТЕПТЕГИ ТАМАКТАНУУНУ ОПТИМАЛДАШТЫРУУ ЖАНА ЖАҢЫ КАДАМДАРДЫ АНЫКТООМЕКТЕПТЕГИ ТАМАКТАНУУНУ ОПТИМАЛДАШТЫРУУ ЖАНА ЖАҢЫ КАДАМДАРДЫ АНЫКТОО

 

Семинардын алкагында мектептерге жана бала бакчаларга азык-түлүк жеткирүү, эсепке алуу, пландаштыруу жана MoDa мониторинг системасын колдонуу маселелери да талкууланды. Бул санариптик инструмент программанын бардык деңгээлде натыйжалуу жана ачык-айкын ишке ашырылышын камсыздоого багытталган.

Семинардын өткөрүлүшү балдардын ден соолугун жана билим алуу процессин колдоо максатында коопсуз, сапаттуу жана тең салмактуу тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча дагы бир маанилүү кадам болуп калды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер