ОшМУнун ректору QS пре-саммитинде баяндама жасады

  • 04.11.2024
  • 0

Казакстандын Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинде 1-ноябрда Азия-Тынч океан аймагындагы жогорку билим боюнча 2024 QS пре-саммити башталды.

ОшМУнун ректору QS пре-саммитинде баяндама жасады

Ага катышып жаткан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков “Мамлекеттик органдардын, академиялык жана бизнес-коомчулуктардын интеграциясы аймактын туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү үчүн инновациялык ыкма катары: ОшМУнун тажрыйбасы” деген темада баяндама жасады. Баяндамада классикалык университеттерди улуттук изилдөөчү окуу жайларга жана төртүнчү муундагы университеттерге трансформациялоо багытында ОшМУдагы жасалып жаткан иштер, тажрыйбалар камтылган.

ОшМУнун ректору QS пре-саммитинде баяндама жасады

Аталган саммит ушул жылдын 5-7-ноябрында Кытайдын Макао шаарында, 8-ноябрда Гонконгдогу Лингнан унивеситетинде өтөт.

ОшМУ 2024-жылы дүйнөдөгү алдыңкы QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде “төрт жылдыздуу университеттердин” катарына кирген.

Бөлүшүү

Комментарийлер