ОШМУНУН ЭКИ ОКУМУШТУУСУ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫК МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

  • 01.09.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 31-августтагы   Жарлыгына ылайык ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин математикалык анализ кафедрасынын профессору Салы Каримов «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамы, ОшМУнун педагогикалык практика бөлүмүнүн башчысы, педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин педагогика кафедрасынын доценти Адылбек Батыралиев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

ОШМУНУН ЭКИ ОКУМУШТУУСУ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫК МЕНЕН СЫЙЛАНДЫМамлекеттик сыйлыкка ээ болгон окумуштууларды окуу жайдын жалпы жамааты куттуктап, чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер