ОшМУДА ЗАМАНБАП ЭКИ ЛАБОРАТОРИЯ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

  • 01.09.2021
  • 0
ОшМУДА ЗАМАНБАП ЭКИ ЛАБОРАТОРИЯ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ош мамлекеттик университетинин Ак-Буура кампусунда медициналык билим берүү үчүн курулган эки окуу лабораториясы ачылды.

Салтанатка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Жаңы окуу имаратынын 1-кабатында адистиктерге ыңгайлашкан заманбап окуу лабораториялары, лекциялык залдар, 2-кабатында практикалык көндүмдөр борбору, инновациялык окутуу технологиялары борборлору жана лекциялык залдар бар. Окуу имараттарынын курулушу университеттин ички каражатынын эсебинен каржыланган.
Коноктор окуу жайдын Ак-Буура кампусунда жайгашкан медициналык клиникасы, эл аралык медицина, медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпустарындагы билим берүүгө түзүлгөн шарттары менен таанышты.
ОшМУда акыркы 10 жыл аралыгында 30дан ашуун окуу корпустары, жатаканалар, спорт комплекстер заман талабына ылайык курулуп пайдаланууга берилген.
Учурда ОшМУнун Эл аралык билим берүү жогорку мектеби үчүн курулган окуу имарты пайдаланууга берилгени турат. Ал эми ОшМУнун “Билим” лицейинин курулушу башталып, университеттин №2 жатаканасы эл аралык стандарттагы, жаңы, заманбап капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер