Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө аялдардын орду
- 22.10.2024
- 0
Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө аялдардын орду: кечээ, бүгүн, эртең” аталышындагы форум болду.
Ага президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн, Ош облусунун аялдар кеңеши, билим берүү, маданият, коомдук, саясий турмушка салым кошкон аялдар чакырылды. Мындан тышкары баатыр энелер, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.
Форум өлкөнүн чыгаан аялдарынын образын чагылдырган сахналык көрүнүш менен башталды. Катышуучулар улуттук кийимде келип, иш-чаранын алкагында уюштурулган этнофотосессияга да катышты. Ошондой эле кыргыз элинин көөнөрбүс мурасын чагылдырган көргөзмө уюштурулду. Жыйындын жүрүшүндө профессор Байболот Абытов “Кара-Кыргыз автономиялуу областынын 100 жылдыгы: тарых, изилдөөлөр” темасында баяндама жасап, талкуу болду.
Форумду ОшМУ, президенттин облустагы өкүлчүлүгүнө караштуу Аялдар жана үй-бүлө кеңеши, Лидер ишкер айымдар ассоциациясы уюштурган. Ал аялдардын мамлекеттин түптөлүшүнө кошкон салымын, алардын кадыр-баркын, өлкөнүн жаңылануу багытындагы өнүгүү процесстерине активдүү катышуусун жаштарга жеткирүү максатында демилгеленген.
Иш-чарада жергиликтүү бийлик социалдык-экономикалык өнүгүүгө салым кошкон айымдарга Ардак грамота тапшырды.
Комментарийлер