ОШМУДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕР ТАЙМАШТЫ

  • 28.02.2023
  • 0

ОШМУДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕР ТАЙМАШТЫ

ОшМУда Ош, Жалал-Абад жана Баткен университеттеринде билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин ортосунда “Тышкы миграция, визалык маселелер” аттуу “Брейн-ринг” акыл таймашы болуп өттү.

ОШМУДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕР ТАЙМАШТЫЭки раунддан турган бул интеллектуалдык жарышка жети команда (42 студент) катышып, беш категория: “Виза”, “Миграция”, “Элчилик”, “Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарлары”, “Логика” жана жалпы кругозор боюнча түзүлгөн суроолор орус тилинде берилди. Иш-чарада Ош, Жалал-Абад, Баткен мамлекеттик университеттеринен, Ош технологиялык университетинен, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинен жана К.Ш. Токтоматов атындагы Эл аралык университеттен келген оюнчулар күч сынашышты.

Жыйынтыгында 1-орунду жана 5000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкты Ош технологиялык университетинин командасы, 2-орунду (3000 сом) Баткен мамлекеттик университетинин «Биримдик» командасы, 3-орунду (2000 сом) Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин «Diamond» командасы утуп алды.

ОШМУДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕР ТАЙМАШТЫ

Конкурска Россиянын Ош шаарындагы генералдык консулдугунун атташеси Городилов Денис, Тышкы иштер министрлигинин түштүктөгү өкүлчүлүгүнүн 3-катчысы Абдирашитов Эрнист, ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясынын журналисти, “Билерман ордо” интеллектуалдык телеоюнунун алып баруучусу Талантбек Канатбек уулу, Оштогу орус үйүнүн кызматкери Куканбаева Елена калыстык кылышты.

Иш-чаранын максаты чет өлкөлүк студенттерди тышкы миграциянын эрежелери менен тааныштыруу, виза алууга үндөө жана алардын ортосунда достук мамилени орнотуу, дүйнө таанымын кеңейтүү болду.

Чет өлкөлүк студенттердин өтүнүчү боюнча бул таймаш ЖОЖдор ортосунда ырааттуу түрдө өткөрүлө турган болду. Эстафета Ош технологиялык университетине тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер