ОШМУДА АБАНЫН САПАТЫН КӨЗӨМӨЛДӨГӨН УНИКАЛДУУ ИЛИМИЙ СТАНЦИЯ ИШКЕ КИРДИ
- 18.08.2026
- 0
Ош мамлекеттик университетинде шаардын сыртындагы жана имараттардын ичиндеги абанын сапатын үзгүлтүксүз көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берген заманбап илимий станция өз ишин баштады. Бул демилге окуу жайдын экологиялык изилдөөлөрүн жаңы деңгээлге чыгарып, абанын булганышын илимий негизде талдоого жана жаш окумуштууларды даярдоого чоң өбөлгө түзөт.
Илимий станция окуу жайдын медициналык клиникасынын аймагында жайгашкан. Учурда долбоордо каралган абанын сапатын изилдөөчү заманбап жабдуулардын 50 пайызы алынып келинип, ишке киргизилди. Кийинки этапта кошумча датчиктерди жана сервердик жабдууларды коюу пландалууда.
17-августта ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Токиодон келген изилдөөчүлөр менен биргеликте станцияда орнотулган жабдуулардын иши менен жеринен таанышты. Ректордун айтымында, долбоордун негизги максаты — Ош шаарындагы абанын сапаты боюнча туруктуу маалыматтарды топтоо жана алынган көрсөткүчтөрдү илимий иштерде кеңири колдонуу.
«Токиодогу медициналык университет менен биздин окуу жайдын ортосундагы бул долбоордун башталганына эки жыл болду. Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен каржыланган, 5 миллион долларды түзгөн долбоордун алкагында өлкөнүн түштүк аймагында буга чейин болбогон заманбап датчиктер орнотулууда. Эми алынган көрсөткүчтөр атайын серверге күн сайын түшүп, топтолуп турат», — деп белгиледи К.Кожобеков.
Станциядан алынган маалыматтар серверде үзгүлтүксүз сакталып жана талданып, абанын булганышына таасир эткен факторлорду аныктоого, жаңы экологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жол ачат. Ошондой эле, долбоордун алкагында илимий кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулат. Станциянын базасында ОшМУнун студенттери, магистранттары жана аспиранттары экология жана климаттын өзгөрүшү боюнча өз алдынча изилдөөлөрдү жүргүзө алышат. Андан сырткары, жапониялык адистер окуу жайдын кызматкерлерине жаңы жабдууларды пайдалануу жана маалыматтарды иштетүү боюнча атайын тренингдерди өткөрүшөт.
Эскерте кетсек, абанын булганышын комплекстүү изилдөөгө жана туруктуу мониторинг жүргүзүүгө багытталган IRCAPS илимий борбору ОшМУда 2025-жылдын 18-ноябрында ачылган. Беш жылга эсептелген бул ири долбоор JICA жана Илим жана технология агенттигинин колдоосу менен каржыланууда, ал эми негизги өнөктөшү — Токио илим институту.
А.К., «КБ»


Комментарийлер