ОШМУ КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШӨТ

  • 23.11.2023
  • 0

ОШМУ КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШӨТ

USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору өлкө аймагы боюнча бардык жарандар арасында кургак учукка кабылган адамдарга мамиле боюнча изилдөө жүргүзүшкөн. Ага ылайык Ош жана Баткен облусу боюнча жаштар арасында кургак учук илдетине кабылган жаранды кодулоо жана басмырлоо чоң көрсөткүчтү көрсөткөн.

Буга байланыштуу эки жыл мурун кургак учук илдети боюнча жаштарга маалыматтык компания уюшутурулуп, өткөрүлүп келүүдө.

Иш-чараларды мындан ары дагы илгерилетүү үчүн 21-ноябрда ОшМУ менен Ош олблустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумго кол коюлду.

ОШМУ КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШӨТ

Ага Ош олблустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Конушбек Сакмаматов, USAIDдин Кургак учукту айыктыруу долбоорунун  социалдык жүрүм турумдарды өзгөртүү боюнча адиси Анарбек Алимахунов, ректор Кудайберди Кожобеков, ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева катышты.

Меморандум беш жылга түзүлдү. Анда ОшМУ Ош олблустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору менен кургак учукка каршы күрөшүү жана алдын алуу багытындагы иш-чараларды биргеликте уюштуруп, өткөрөт.

ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева окуу жайда USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун алкагында кургак учукка каршы күрөшүү жана алдын алуу багытындагы иштер эки жылдан бери өткөрүлүп келе баса белгиледи. Ошондой эле медицина, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттерин атайын окутуудан өткөрүлгөндүгүн, 60ка жакын ыктыярчы даярдалып, алар окуу жайдагы башка факультет жана колледждерде билим алган студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн кошумчалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер