ОшМУ Донгук университети менен медицина багытында кызматташат

  • 13.12.2024
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Корея болгон иш сапарында Сеул шаарындагы Донгук университети менен медициналык билим берүүнү өнүктүрүү, клиникалардын кызмат көрсөтүү деңгээлин жакшыртуу, тажрыйба алмашуу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багыт тарында кызматташуу боюнча пикир алышты.

ОшМУ Донгук университети менен медицина багытында кызматташат

 

Андан кийин Донгук университетинин клиникасынын президенти Че Сук Ли менен Кудайберди Кожобеков меморандумдун алкагында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту. Документ ОшМУнун медициналык клиникасына акыркы технологияларды, илимий изилд

ОшМУ Донгук университети менен медицина багытында кызматташат

өөлөрдү жана тажрыйба алмашууларга көмөктөшүүнү максат кылат.

Ушул жылдын 5-ноябрында Донгук университетинин медициналык борборунун өкүлдөрү ОшМУга келишкен. Алар окуу жайдын медициналык клиникасы, Ош шаардык оорукананын ордуна жаңы курулуп жаткан жети кабаттуу оорукана, медициналык кампус, лабораториялар менен таанышкан. Иш сапардын алкагында медициналык билим берүү, кызмат көрсөтүү жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Донгук университетинин клиникасы Кореядагы белгилүү медициналык мекемелердин бири болуп саналат. Борбор Сеул шаарында жайгашып, медицина факультетинин билим берүү жана изилдөө базасы катары кызмат кылат.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер