«ОШМУ БАТКЕН МЕНЕН» ШТАБЫ 24 СААТ БОЮ ИШТЕП ЖАТАТ

  • 19.09.2022
  • 0

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен аймактарындагы айылдардан эвакуацияланып келген жарандар үчүн «ОшМУ Баткен менен» штабы түзүлгөн. Ыкчам иш-аракеттин натыйжасында дароо жатаканалардан 500 орун даярдалып, окуу жайдын башкы имаратынын алдында штаб түзүлүп, ал күнү-түнү иштеп жатат.

Жарандардан  окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат кабар алып, тиешелүү ыкчам иш-аракеттерди алып барууда. Окуу жайда  психолог жана медицина кызматкерлеринен мобилдүү тобу түзүлүп, улгайган инсандарга, аялдарга, балдарга психологиялык, медициналык кеңештерин берип, дары-дармектер менен камсыздап жатат.  100дөн ашуун ыктыярчылар жатаканага жайгаштыруу, ысык тамак, кийим-кече, дары-дармектерди жеткирүү иштерин алып барууда.

Аныкталган муктаждыктарга жараша окутуучулар, шаар тургандары  азык-түлүктөрдү, жууркан төшөктөрдү, гигиеналык каражаттарды алып келишүүдө. Топтолгон жардам дароо бүлүштүрүлүп жатат. Үч маал ысык тамак менен камсыздоо иштери да колго алынган. Ошондой эле акчалай түшкөн каражатка гигиеналык каражаттар, идиш-аяктар, жаш балдарга, улууларга ич кийим, бут кийимдер алынып келинүүдө.

“18-сентябрь саат 10-00гө карата жалпы 326 адам жайгашты. Алардын ичинен 22 жаранды жакындары Бишкек шаарына алып кетишти. Учурда 304 жаран окуу жайдын жатаканаларында турушат. Аларга үч маал ысык тамак уюштурулуп жатат. Жамааттын колдоосу менен чогулган акча каражатына эң зарыл болгон гигиеналык каражаттар, ич кийимдер, идиш-аяктар алынып  шарттар толук каралып жатат. Жаш бөбөктөр менен психологдорубуз иштеп, ар кандай көңүл көтөрүүчү иш-чаралар аткарылууда. 17-сентябрдан 18-сентябрга караган түнү 80ден ашуун жаран келип жайгашты. Ысык тамак уюштуруп берем деген ыктыярчылардын, кесиптештерибиздин  саны арбын болууда, берешен элибизге таазим этсе болот”, — дейт «ОшМУ Баткен менен» штабынын жетекчиси, студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова.

ОшМУнун профессордук-окутуучулук  курамы Баткен элине жардам иретинде бир күндүк эмгек акысын которду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер