ОШМПУНУН СТУДЕНТИ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА 1-ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ

  • 10.05.2022
  • 0

27-30-апрелде коңшу Казакстандын Алма-Ата жергесинде өткөн табигый илимий билим берүү багыты боюнча эл арлык олимиадада Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттик командасы активдүү катышып, байгелүү орунду камсыздады.

ОШМПУНУН СТУДЕНТИ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА 1-ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ

Аталган билим жарышы Алма-Атадагы Абай атындагы Казак педагогикалык университетинде болуп, ага Оруссия, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын жогорку окуу жайларынан студенттер катышкан.

Олимпиадага студенттер командалык жана жекече катышып, анда ОшМПУнун табият таануу жана география факультетинин студенттери Казакова Жылдыз, Садыкова Элмира, Иминова Махира жана жетекчиси Гүлзада Сагынбаева командалык мелдеште “Чыгармачыл топ” наамына ээ болушуп, атайын сыйлыкка татышты. Ал эми команда мүчөсү Казакова Элмира жекече мелдеште мыкты географ аталып, 1-даражадагы диплом менен сыйланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер