ОШМПУНУН ОКУТУУЧУСУ РОССИЯНЫН БАШКЫР МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЛЕКЦИЯ ОКУУДА
- 06.11.2025
- 0
2025-жылдын 4–8-ноябрында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, ф.и.к., Жаннат Жумаева Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинде лекцияларды өтүүдө.

Маалыматка таянсак, иш-чара “Мектептик билим берүү системасындагы геймификация жана оюн практикалары” аталышындагы квалификацияны жогорулатуу курстарынын алкагында уюштурулган. Аталган курстарга катышуу менен бирге, Жаннат Жумаева башкыр филологиясы факультетиндеги кыргыз тили жана адабияты багытында билим алган студенттерге кыргыз тили боюнча сабактарды өткөрүүдө.
2025-жылдын 5-ноябрында кыргыз тилиндеги зат атоочтор боюнча лекция окуп, мында сабак диалог форматында өткөрүлгөн. Жаннат Тургунбаевна алдыдагы 7-жана 8-ноябрь күндөрү дагы студенттер үчүн кыргыз тили боюнча лекцияларын улантат.
Бул алмашуу сабактары эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты чыңдап, окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана кыргыз тилинин окутуу тажрыйбасын эл аралык деңгээлде жайылтууга өбөлгө болууда.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер