Ош Сема лицейи — Алымбек Датка лицейи болду

  • 13.10.2025
  • 0

Кыргыз элинин тарыхында терең из калтырган улуу инсандардын бири — мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдык мааракеси быйыл өлкө боюнча кеңири белгиленип жатат. Бул маанилүү датага карата 2025–2026-окуу жылынын башында «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесине караштуу Ош Сема лицейине Алымбек датканын ысымы ыйгарылып, «Алымбек датка» лицейи болуп өзгөртүлдү.

Ош Сема лицейи - Алымбек Датка лицейи болду
«Алымбек датка» лицейинде өткөн иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары да катышып , окуучуларга Алымбек датканын өмүрү, элине көрсөткөн кызматтары жана тарыхтагы орду тууралуу терең жана кызыктуу маалыматтарды беришти.

 Алымбек датканын өмүр-таржымалы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, атайын уюштурулган сүрөт көргөзмөсү көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ошондой эле окуучулар тарабынан Алымбек датканын турмушу сахналаштырылып көрсөтүлүп, улуттук аспап – комуздун күүлөрү жаңырды.

Ош Сема лицейи - Алымбек Датка лицейи болду

Мындан тышкары, окуучулар арасында интеллектуалдык викторина уюштурулуп, алардын тарыхый билимдери сыналды.

Салтанаттын өзгөчө бөлүгү  — 8-«А» классынын окуучусу Гуламидинов Алинин Алымбек даткага арнап жазган ыры болду.
Бул маанилүү иш-чара «Алымбек Датка» лицейинин социология илимдер кафедрасынын мугалимдеринин демилгеси менен уюштурулду.

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин социология илимдер координатору Курманбек Хайдаров

Бөлүшүү

Комментарийлер