Ош облусунда мугалимдер күнү белгиленди
- 02.10.2025
- 0
Бүгүн, 2-октябрда, Ош облусунда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган “Мугалим — коомдун сыймыгы жана күзгүсү” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош билим берүү институтунун директорунун убактылуу милдетин аткаруучу Советбек Аматов, окуу жайдын жетекчилиги, ардагер мугалимдер, облустагы мектеп директорлору, “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынактарынын жеңүүчүлөрү, ошондой эле жалпы агартуучулар катышты.

Анда мугалимдердин коомдогу ролу, билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү эмгеги жана жаш муундарды тарбиялоодогу орду белгиленди.
Республикалык сынактардын жеңүүчүлөрүнө ноутбуктар тапшырылып, мыкты мугалимдер ардак грамоталар менен сыйланды. Ош билим берүү институтунун ардак грамоталары тапшырылды.







Комментарийлер