ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
- 25.12.2024
- 0
Бишкектеги 13 окуу жайынын кызматкерлерине жана студенттерине Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын кɵз карандысыздыгынын 33 жылдыгына арналган ири масштабдагы маданий иш-чараларды уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тɵрагасынын атынан ыраазычылык билдирилди. Сыйлыкты министрдин орун басары Абазбек уулу Расул салтанаттуу түрдө тапшырды.
Атап айтканда, төмөнкү окуу жайларынын кызматкерлери, студенттери министрдин орун басарынын колунан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Ыраазылык каттарын алышты:
— Ж. Баласагын атындагы КУУ;
— И. Арабаев атындагы КМУ;
— И. Раззаков атындагы КМТУ;
— М. Рыскулбеков атындагы КЭУ;
— Б. Турусбеков атындагы КМДСА;
— И. Ахунбаев атындагы КММА;
— Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
— К. Карасаев атындагы БМУ;
— Т. Эрматов атындагы БМПИ;
— К. Скрябин атындагы КУАУ;
— Кыргызстан эл аралык университети;
— ИИМдин Генерал-майор Э.А. Алиев атындагы Академиясы;
— К. Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжи.
Эске сала кетсек, 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 270 “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында масштабдуу концерттик иш-чаралар өткөрүлгөн, аларга жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттери да тартылган.
Комментарийлер