ОЙГО САЛГАН ОН МЕТР

  • 03.05.2018
  • 0

Басма сөз беттеринде Кочкор районунун Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов атындагы орто мектептин мугалимдери иш таштады деген маалымат тарагандан улам, биз Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улан Өзүбековго кайрылганыбызда, ал бизге төмөнкүлөрдү айтты.

  • Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов атындагы орто мектептин мугалимдери иш таштады деген Интернет булактарына тараган маалымат боюнча аталган мектептин директору Асылбүбү Сулайманованын каты бар. Ал бизге мектепте эч кандай иш таштоо болбогондугун, интернеттеги маалыматтарды кимдер тараткандыгы тууралуу эч кандай кабары жоктугун айтууда. Мугалимдердин баары өз орундарында иштеп жатышат. Окуу иштери үзгүлтүккө учурабай өтүп жатат” деп билдирди.

Эскерте кетсек, былтыр мартта Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов атындагы орто мектептин мугалимдери эмгек акысына кошулуп берилчү акча февраль айынан баштап берилбей калганына нааразы болушуп, бир сааттык иш таштоого чыгышканы маалым. Алардын талабы Семиз-Бел айылынын мектеп мугалимдеринин эмгек маяналарына буга чейин бир жарым коэффициент менен төлөнүп келген 20 пайыз кошумча акчаны кайра кайтаруу болчу. Ошол кезде биз маселенин чоо-жайын кененирээк айтып берүүсүн өтүнүп, директор айымга кайрылганыбызда, бул маселенин чечилишин аягына чейин күтүшөрүн айткан эле.

Быйылкы кырдаал кандай деген суроо менен А.Бостонов атындагы орто мектептин директору Асылбүбү Сулаймановага байланышканыбызда, ал мындайча жооп берди:

— Ырасында эле менде азыр жалпысынан алганда 36 арыз турат. Эмгек жамаат ал арыздарында турмуш-тиричилик шарттары кыйындап жатканын, айлыктары аздыгына байланыштуу балдарынын окууларына контракт, насыя сыяктуу төлөмдөрдү төлөй албай жатышкандыктары тууралуу жазышып, эгерде маселе оңунан чечилбесе, башка жакка иш издеп кетүүгө аргасыз болорун билдиришкен. Бул иш таштоо дегендикке жатпайт да. Мен аларга: “жылдын аягына чейин нормалдуу иштейли, окуучулар бул жерде эч кандай күнөөлүү эмес, балким жакын арада чечилип калаар деп жооткотуп келатам”-дейт директор.

А.Сулайманова алар кайрылышкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да Премьер-Министрге чейин бул маселени көтөрүп, чечип беребиз деп убада берип жатышканын кошумчалады: “Биз бул маселени былтыр көтөрдүк эле, бирок андан бери эч кандай өзгөрүү болгон жок, ошондуктан кайра-кайра козголуп атат. Анткени бул жеке эле мугалимдерге таандык эмес, Семиз-Бел жана Арсы деген эки айылдын көйгөйү болуп аткандыгына байланыштуу атайын адвокат жалдаганбыз. Андан бери айылыбызга жаңы үйлөр түшүп чоңойду, кеңейди дегендей. Жакында эле Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин атайын аппараты менен ченешкенде, 1801-1805ге чейин жете турган үйлөр түшүп калыптыр.

Ал эми иш таштоо боюнча тактап айта кетчү жагдай, бир күндүк же башка иш таштоо эмес, биздин мектептен биротоло башка жакка кетип жаткан мугалимдер жөнүндө айтып жатабыз. Маселен, жаңы окуу жылында төрт мугалимибиз башка жакка жумушка кетишти. Айрыкча, математик мугалимдерге муктаж болуп жатабыз. Ошондон улам, башы ачык бойдон келаткан маселени чечип берүүсүн чыдамсыздык менен күтүүдөбүз”.

КР Билим берүү жана илим министрлиги Кочкор районундагы Арсы жана Семиз-Бел айылдарындагы эки мектептеги кырдаал боюнча маалым экендигин белгилөө менен, тигил же бул калкттуу конуштарды тиешелүү категорияга кийирүү компетенциясына ээ болгон Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жогорудагы аталган тизмеге кошумча кийирүү сунушун жөнөткөндүгүн билдирди.

Кыргыз Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы №377 Токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген жарандарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Нарын облусунун 174 калктуу конуштарына деңиз деңгээлинен бийиктигине жана алыска барууга кыйын болгондугуна жараша айыл тургундарынын айлык акыларына кошумча төлөм коэффициенти жана башка социалдык төлөмдөр берилет. Анын ичинен Кочкор районунун калктуу конуштарына райондук коэффициент боюнча 1,10дон 1,50ге чейин коэффициент төлөнөт. Бирок райондогу бул категорияга кирген 30дан ашык айылдын катарына Семиз-Бел жана Арсы айылы талапка шайкеш келбегендиние байланыштуу кирген эмес. Анткени ал эки айыл токтомдо бекитилген 1800 метр бийиктик чегине 10 метр жетпейт.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер