ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
- 02.03.2026
- 0
Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын III этабы жыйынтыкталды.

Ош облусу
Ош билим берүү институтунун директору С.Аматовдун берген маалыматына таянсак, 2025-2026-окуу жылында мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын өткөрүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругуна ылайык, мектеп окуучуларынын облустук олимпиадасы 2026-жылдын 27-28-февраль күндөрү Ош шаарындагы облустук У.Салиева атындагы жатак-мектебинде өткөрүлдү.
— Жалпысынан олимпиадага 7 райондон 230 окуучу 11 предметтен 17 багыт боюнча катышты. Предметтер боюнча: кыргыз тили жана адабиятынан 29 окуучу, орус тили жана адабияты 35 окуучу, англис тилинен 28 окуучу, математикадан 28 окуучу, физикадан 23 окуучу, химиядан 20 окуучу, биологиядан 18 окуучу, географиядан 17 окуучу, тарыхтан 18 окуучу, информатикадан 14 окуучу. Мектеп окуучулардын облустук олимпиадасын өткөрүү үчүн класстык кааналар даярдалып, керектүү жабдыктар менен камсыздалды. Олимпиадалык тапшырмалар 27-28-февраль күндөрү 08.30да Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлдөрү, администраторлор, олимпиаданын уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, калыстар жана байкоочулар тарабынан ачылып, ар бир предмет боюнча таркатылып берилди. Олимпиаданын калыстар тобунун курамы Ош билим берүү институтунун, Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучуларынан жана Ош шаарынын мектептеринин мугалимдеринен түзүлдү. Ош технологиялык университетинин 22 студенти волонтердук милдетти аткарып беришти. Олимпиаданын жүрүшүндө катышуучулардын түрдүү транспорттук кырсыктардан, коомдук тартипти бузуулардан сактоо эң маанилүү экендигин эске алуу менен олимпиада өтүп жаткан мезгилде Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тартипти такай көзөмөлдөштү. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү олимпиаданын жүрүшүн жергиликтүү жана республикалык деңгээлде чагылдырышты, — дейт жетекчи.
Уюштуруу комитетинин жана окутуу усулдары борборунун өкүлдөрүнүн биргелешкен актысы менен 3 окуучу (информатика, математика (базалык негизде окутулган класстар үчүн), Кыргыз тили жана адабияты (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн) уюлдук телефондорду колдонгондугу үчүн олимпиададан четтетилди. Олимпиаданын 1-күнү 26 окуучу, 2-күнү 52 окуучу аппеляцияга кирип, тиешелүү суроолоруна жоопторду алышты.
Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын III баскычынын жыйынтыгы боюнча 31 окуучу жеңүүчү деп табылды. Анын ичинен: Алай районунан 3, Араван районунан 3, Кара-Суу районунан 13, Кара-Кулжа районунан 2, Ноокат районунан 4, Өзгөн районунан 4, Чоң-Алай районунан 2 окуучу жолдомо алып, республикалык олимпиаданын IV баскычына катышуу укугун алышты.
Талас облусу
Олимпиаданын облустук туру ийгиликтүү жыйынтыкталды. III турга Талас облусу боюнча жалпы 120 окуучу катышып, өз билим деңгээлин сынап көрүштү.

— Талас райондук/шаардык билим берүү бөлүмүнөн – 28 окуучу, анын ичинен: Талас шаарынан – 10 окуучу, Талас районунан – 4 окуучу; “Сапат” Эл аралык билим берүү “Мээрим” лицейинен – 5 окуучу, “Сапат” Эл аралык билим берүү “Манас-Ата” лицейинен – 7 окуучу, Талас облустук жатак-мектебинен – 1 окуучу, Билимкана-Талас мектеби – 1; Бакай-Ата районунан – 6 окуучу; Айтматов районунан – 12 окуучу жана Манас районунан – 8 окуучу, — дейт Талас облустук билим берүү борборунун директору С.Бейшенова.
Облустук турдун жыйынтыгында: 1-орун алгандар – 17 окуучу, 2-орун алгандар – 19 окуучу жана 3-орун алгандар – 18 окуучу. Жалпысынан 54 окуучу байгелүү орунга ээ болушту. Ошентип, анын ичинен 36 окуучу (1-2-орун алгандар) республикалык олимпиаданын 4-этабына катышууга жолдомо алышты.

— 4-этапка катышуучулар райондор боюнча: Талас ш/р (Сапат лицейлер менен) – 21; Бакай-Ата районунан – 3; Айтматов районунан – 7 жана Манас районунан – 5 жалпы облус боюнча 1-2-орун алган 36 окуучу. Бул көрсөткүчтөр облус аймагындагы билим сапатынын жогорулап жатканын жана окуучулардын билимге болгон кызыгуусу артып жатканын айгинелейт, — дейт Салтанат Бейшенова.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер