НООРУЗ-2026: ТЕҢИР-ТООДО ЧОҢ МАЙРАМ ӨТӨТ

  • 17.03.2026
  • 0

Быйылкы Нооруз майрамынын башкы салтанаттары Нарын шаарында өткөрүлөт. Иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө. Президенттин облустагы өкүлчүлүгү күнү бою улана турган, маданий программаларга жана спорттук оюндарга жык толгон графикти жарыялады.

НООРУЗ-2026: ТЕҢИР-ТООДО ЧОҢ МАЙРАМ ӨТӨТ

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын өкүлүнүн пресс-кызматы аймакта өтүүчү иш-чаралардын  программасын жарыялады, ал күнү бою — маданий көрсөтүүлөрдөн баштап масштабдуу кечки гала-концертке чейин уланат.

Салтанаттуу азем 11:00дө Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянттан башталат. Официалдуу бөлүктөн кийин, т.а. 12:30дан 14:00гө чейин, түшкү тыныгуу болот, анын ичинде салтка айланган жазгы даам — сүмөлөк таратылмакчы.

Активдүү эс алууну сүйгөндөр үчүн 14:00дөн 15:00гө чейин облустук прокуратуранын имаратынын алдында улуттук спорттук оюндар пландалууда.

Спорттук иш-чаралар аяктагандан кийин, майрам кайрадан борбордук аянтта уланат, анда 15:00дөн 17:30га чейин күндүзгү концерттик программа өтөт.

Кыска тыныгуудан кийин, 19:00дө, өлкөнүн эстрада жылдыздарынын катышуусунда керемет кечки гала-концерт башталат. Нооруз майрамы 21:30га пландалган фейерверк менен аяктайт.

Ал эми Нооруз майрамына карата Нарын облусунун   билим берүү мекемелеринде боз үйлөр  тигилип,  сүмөлөк кайнатылат.  Бардык билим  берүү  кызматкерлери улуттук кийимдерди кийип, улуттук каада-салт боюнча сценкаларды уюштурушат. Учурда бардык мектептерде класстык сааттар, балдар бакчаларында  майрамдык иш-чаралар /утренниктер/ өтүлүп жатат.

—   21-март күнү Нарын шаарындагы 8 мектеп жана 9 балдар бакчасы облустун борборунда өтүлүп жаткан майрамдык иш-чарага боз үй тигип, кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмөгө жана сүмөлөк кайнатуу боюнча конкурска катышат. Ошондой эле Кочкор районунун борборунда жайгашкан  5 мектеп жана 4 балдар бакчасы  кыргыздын кол өнөрчүлүгүн жайылтуу боюнча райондук деңгээлде өтүлүп жаткан  иш-чарага катышмакчы, — дейт облустук методикалык борборунун директору  О.Солтобаев.

Айтмакчы, акыркы жылдары Нооруз майрамын өлкөнүн ар кайсы аймактарында белгилөө жакшы салтка айланды. Буга чейин республикалык деңгээлдеги салтанаттар Ош жана Баткен шаарларында жогорку деңгээлде өткөрүлгөн.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер