НЕКРОЛОГ- ТОКТОСОПИЕВ АЛЫМБАЙ МОЛДОКМАТОВИЧ
- 08.07.2025
- 0
2025-жылдын 7-июлунда физика-математика илимдеринин доктору, профессор,
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мурдагы ректору Токтосопиев Алымбай Молдокматович 72 жашында көз жумду.

Алымбай Токтосопиев 1953-жылы Чоң-Өрүктү айылында жарык дүйнөгө келген. 1975-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун (ПГПИ) аяктап, 1984-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Сейсмология институтунда аспирантураны бүтүргөн.
Эмгек жолун Пржевальск педагогикалык институтунда жана Томск политехникалык институтунда улук лаборант, инженер, улук инженер болуп баштаган. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Сейсмология институтунда кенже илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, участок башчысы, лаборатория башчысы болуп иштеген. Кыргыз улуттук университетинде кафедра башчысы, декан кызматтарын аркалаган. 2001-жылдан тартып РУФИнин директору болуп эмгектенген.
2005–2010-жылдары Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалаган. Акыркы жылдары Улуттук Илимдер академиясынын Сейсмология институтунда илимий ишин улантып келген.
42 жылдык эмгек тажрыйбасы бар, анын ичинде 22 жылдан ашык убакытты илимий-педагогикалык ишмердүүлүккө арнаган. 100дөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде 4 монографиянын жана 2 окуу китебинин автору болгон.
Алымбай Токтосапиевдин үй-бүлөсүнө, жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун оор кайгысын тең бөлүшөбүз.
Д. Ш. Кендирбаева, М. А. Баймурзаев, А. Д. Махмедкулов, Н. С. Джусупбекова, Л. А. Самыкбаева, Н. К. Дюшеева, А. Д. Токтомаметов жана бардык педагогикалык коомчулук.
Комментарийлер