НАСААТЧЫНЫН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДАГЫ 9-МЕДАЛЫ

  • 10.10.2024
  • 0

Атактуу балбан кыз, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу Чынарбек Изабеков учурда Хорватиянын Пореч шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту.

НАСААТЧЫНЫН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДАГЫ 9-МЕДАЛЫЭркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Чынарбек Изабеков 51-56 жаштагы балбандар арасында 100 кг салмакта күч сынашып,  бул ирет дагы финалга чейин жетти. Ал монголиялык атаандашы Гантулгу Болуянын далысын 32 секундда килемге таза тийгизип, артыкчылык менен утуп, чейрек финалда израилдик    атаандашы Дмитрий Эйдельманды 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, жарым финалда латвиялык атактуу балбан, 2023-жылдын дүйнө чемпиону Игорса Самусоноксту 3:2 эсебинде жеңип, финалда кол күрөш боюнча дүйнө чемпиону, орусиялык 51 жаштагы Александр Руминге аз упай айырма менен  алдырып коюп, күмүш медаль тагынды.

НАСААТЧЫНЫН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДАГЫ 9-МЕДАЛЫ Бул Чынарбектин дүйнө чемпионатындагы үчүнчү күмүш байгеси.   Ал буга чейин 2017- жана 2019-жылдары ардагерлердин дүйнө чемпионатында күмүш медалдын ээси болгон. Жаштарга үлгү жана өрнөк болгон 54 жаштагы Чынарбек Изабеков  ошондой эле 2018 жана 2023-жылдары коло байгелүү болсо, 2015-, 2016-, 2021-жана 2022-жылдары дүйнө чемпиону аталып, 4 алтын медаль тагынган.

Жаш кезинде дагы Чынарбек өлкө намысын коргоп, жаштар арасында дүйнө чемпионатында финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болгон. Учурда ал Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу катары жаштарга күрөш сырларын, ыкмаларын үйрөткөн чыгаан устаттардын бири.

НАСААТЧЫНЫН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДАГЫ 9-МЕДАЛЫЧынарбектен сырткары кыргызстандык  балбандардан Талант Бегалиев менен Мелис Турганбаев дагы ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болушкан.  Талант Бегалиев бул ирет байгелүү орунга илинбей калды.

Дүйнө чемпионатына катышып жаткан  кыргызстандык ардагер балбандар  Урмат Мамытов, Аржан Туратбеков (экөө тең 78 килограммга чейин), Эсенбек Байматов, Талгарт Ибрагимов жана Роман Сарыбаев (бардыгы 88 килограммга чейинки салмакта) баштапкы беттештерде утулуп, мелдештен четтеп калышты.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер