НАРЫНДАН АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫН АЛУУ УКУГУН ТАСТЫКТАГАН ОКУУЧУЛАР

  • 20.05.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин бүтүрүүчүлөр арасындагы «Алтын тамга» мамлекеттик аттестациясы 14-майда республиканын бардык аймагында бир убакта өтүп, анын жыйынтыгы чыкты. Сынакка Нарын облусу боюнча жалпы 145 окуучу катышып, алтоо “Алтын тамга» аттестациясынан ийгиликтүү өттү. Алты окуучунун төртөө Ат-Башы районунун окуучулары. Ал эми Кочкор районунан бир окуучу, дагы бири Жумгал районуна таандык.

НАРЫНДАН АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫН АЛУУ УКУГУН ТАСТЫКТАГАН ОКУУЧУЛАР

НАРЫНДАН АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫН АЛУУ УКУГУН ТАСТЫКТАГАН ОКУУЧУЛАРНАРЫНДАН АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫН АЛУУ УКУГУН ТАСТЫКТАГАН ОКУУЧУЛАРНАРЫНДАН АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫН АЛУУ УКУГУН ТАСТЫКТАГАН ОКУУЧУЛАР

НАРЫНДАН АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫН АЛУУ УКУГУН ТАСТЫКТАГАН ОКУУЧУЛАРНАРЫНДАН АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫН АЛУУ УКУГУН ТАСТЫКТАГАН ОКУУЧУЛАРНАРЫНДАН АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫН АЛУУ УКУГУН ТАСТЫКТАГАН ОКУУЧУЛАР

Алар: Галип Муканбетов —  Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин окуучусу,  Айсулуу Курманбекова  Ат-Башы районундагы А.Капаров атындагы орто мектебинин окуучусу, ошондой эле Айназик Жумабекова ушул эле райондун К.Керималиев атындагы орто мектебинен жана Салима Кеңешбекова К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин окуучусу. Ал эми Айзада Майрамбекова Жумгал районундагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү, ошондой эле  Кочкор районунан Акмарал Исламова Н.Жүндүбаева атындагы мектеп –гимназиясынын окуучусу.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, сынак тест түрүндө математика, Кыргызстан тарыхы, эне тил жана адабият, химия сабактары боюнча тапшырылды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер