НАРЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНЕ ТАШТАНДЫЛАРДЫ СОРТТОО ҮЧҮН 18 ЭКОБОКС БЕРИЛДИ
- 26.11.2020
- 0
Нарын медициналык колледжинин 1-2-курсунун студенттери “Экология жана айлана-чөйрөнү булгоо” жана “Калдыктарды сорттоо” аттуу темадагы эки күндүк онлайн тренингге катышышты. Тренинг АКШ элчилиги тарабынан каржылануучу Eco-Warrios долбоорунун алкагында болуп өттү.
Борбор Азия университетинин нарындагы кампусунун студенттери негиздеген Eco-Warriors клубунун максаты – айлана-чөйрөнү коргоо. Коомдун көңүлүн буруу үчүн анын мүчөлөрү ишембиликтерди, социалдык иш-чараларды, экологиялык челлендждерди жана башка иш-чараларды туруктуу негизде уюштуруп келет.
Тренингдин алкагында Нарын медициналык колледжине таштандыларды сорттоо үчүн 18 экобокс, дептерлер, эко баштыктар берилди.
Бөлүшүү
Комментарийлер