НАМАНГАНДАГЫ КЫРГЫЗ ТИЛДҮҮ МЕКТЕПТЕР
- 23.01.2025
- 0
Өзбекстандын Наманган облусунда кыргыз тилдүү эки мектеп мекендештерибиздин балдарына билим берүүдө. Мисалы, Янгикургон районунун Моңол, Нов айылдарында кыргыздар көп жашайт. Жашоочулар башка аймактардагы этникалык кыргыздарга салыштырмалуу кыргыз тилин, маданиятын да бекем сактап келишет. Ал эми калган мектептеги кыргыз класстар мугалимдер менен окуучулардын аздыгына байлануштуу өзбек мектебине айланган.
Моңол айылындагы №35 орто мектептин директору Баязбек Юнусовдун айтымында, өзү да ушул айылда туулуп-өскөн. Учурда мектепте 154 окуучу билим алууда. 26 мугалим эмгектенет, алардын дээрлик көпчүлүгү жогорку билимдүү. Окуучулардын билим алуусуна жакшы шарттар түзүлгөн, бардык окуу куралдар менен толук камсыз болгон. Китептер Ташкенттен кыргыз тилинде басылып чыгат. Окуу жылынын башында китептер окуучуларга бир жылга акысыз таратылат. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун адабий кечелерин, Алишер Навоинин мааракелерин, андан сырткары, көп маданий иш-чараларды байма-бай уюштурулуп турат. Кыргыз мектебинде окуган окуучулар өзбек тилин да үйрөнүшөт.
- Биздин мектепте окуган окуучулар кыргыз жана өзбек тилинде эркин сүйлөй алышат. 2024-жылы №35 орто мектептин беш окуучусу: алардын үчөөсү Өзбекстандагы жогорку окуу жайларга, экөөсү Ош облусундагы университетке өтүштү. Бишкек шаарындагы университеттерде да билим алган бүтүрүүчүлөрүбүз да бар, — дейт.
Учурда №35 орто мектебинде 2- класста окуп жаткан Анара Авазбекова келечекте котормочу болууну каалайт. Бул кыялына жетиш үчүн мектептеги англис тили ийримине катышып, чет тилин азыртадан өздөштүрүүдө.
- Биздин класста 13 окуучу окуйбуз. Класс жетекчибиз Гүлбара Абдумажитова. Эжекебиз бизге кызыктуу сабактарды өтөт. Мектепте сабактарды кыргыз тилинде окуйбуз. Класстар жылуу, китепканада жаңы-жаңы китептер бар. Китеп окугубуз келсе, каалаган учурда китепканадан алып окуганга уруксат. Мектебибизде англис тили, орус тили сабактары боюнча кружоктор да бар. Биз ал кружокторго катышабыз. Мен келечекте котормочу болгум келет. Ал үчүн сабактарды жакшы окушум керек. Өзгөчө англис тили сабагын жакшы окуп, кружокко калбай барып англис тилин үйрөнүшүм керек, — дейт окуучу.
Ал эми Янгикургон (Жаңы Коргон) районуна карштуу “Нов” айылындагы №56 орто мектеби 1989-жылдан бери балдарга билим берет. Мектеп 100 окуучуга ылайыкталган. 20 мугалим эмгектенет. Мугалимдер мектепте кыргыздын улуттук колоритиндеги чыптаманы форма катары кийип жүрүшөт.
Санабар Сатимбаева да аталган мектептин бүтүрүүчүсү. Ал аталган окуу жайдын кыргыз класссына биринчилерден болуп барган. Мектепти аяктап, Жалал-Абад мамлекеттик университетине окууга тапшырып, башталгыч класстын мугалими кесибине ээ болгон. Учурда өз билим уясында кесиби боюнча эмгектенүүдө.
— Айылыбызда эки мектеп бар, алардын бири биздин окуу жай. Окуучулардын билим алуусуна керектүү шарттар түзүлгөн. Бардык предметтерден кыргызча китептер жетиштүү. Жыл сайын биринчи класска кабыл алынган окуучуларга президенттин белеги берилип турат. Анда 1- класстын окуучуларына керектүү окуу куралдары жана сумка камтылган, — дейт мугалим.
Ошондой эле буга чейин Намангандагы эки мектепте кыргыз класстар болгон. Маселен, Чуст районуна караштуу Кара-Коргон айылындагы №32 орто мектебинде да кыргыз класстар ачылып, тилекке каршы, мугалимдердин жетишсиздигинен улам жабылып калган. Айыл тургуну Исмоил Хакимов жети жыл аталган окуу жайда көркөм өнөр мугалими болуп эмгектенген.
- Айылыбызда өзбек, кыргыз, тажик улутунун өкүлдөрү жашайт. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында мектебибизде кыргыз класстарды ачып, жети жыл эне тилибизде окуттук. Бирок, ал учурда кыргыз мугалимдери жетишсиз эле. Чек арага жакын болгондугубуз үчүн Кыргызстандагы коңшу айылдардан мугалимдер келип, сабактарды өтүп турушчу. Кийин ал мугалимдер да келбей, кыргыз класстар жабылып калды. Азыркы учурда кыргыз жаштары өзбек тилинде окуп жатышат, — деген мугалим келечекте кыргыз класстары ачыларына ишенет.
Мындан сырткары, Чорток районуна караштуу Саз-Сай айылындагы № 23 орто мектебинде да этникалык кыргыздар үчүн бир канча кыйынчылыктарга карабай кыргыз классы ачылган. Билим берүү мекемесинде орус тили мугалими болуп иштеп кеткен Мухтар Султанкуловдун айтымында, алар да мугалимдердин жетишсиздигинен жабууга аргасыз болгон.
- Совет доорунда айылыбыздагы мектеп өзбек тилинде окутулчу. Өзбекстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин кыргыз класстарын ачууга аракет кыла баштадык. Чынында, көп кыйынчылыктардан соң кыргыз класстарын ачып, 11 жыл окуттук. Андан кийин мугалимдердин жетишсиздигинен кыргыз класстар жабылып калды. Ата-энелер да балдарын өзбек класстарга бере баштады. Анткени кыргыз класста окуган окуучулар өзбек тилин жакшы билбегендиктен, Өзбекстандын жогорку окуу жайларына тапшыруу маселелери жарала баштады. Ошентип айылыбыздагы кыргыз класстар жоюлуп кетти, — дейт кыргыз мугалими.
Этникалык кыргыздар Өзбекстанда басымдуулук кылат. Өзбекстандын статистика бөлүмүнүн 2021-жылдын 1-январындагы маалыматына караганда, 291,6 миң этникалык кыргыз жашайт. Анын 23 427си Наманган облусунун 4 шаар, 11 районунда жашайт.
Билим берүү жана илим министрлиги жыл сайын этникалык кыргыздар үчүн Кыргызстандын ЖОЖда акысыз билим алуу үчүн сынактарды уюштуруп келет. Ал сынакка Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыз жаштары да активдүү катышып, сынактан өткөн абитуриенттер жогорку окуу жайларда билимин улантууда.
Бишкек шаарындагы №94 ЖОББ мектебиниин
тарых мугалими жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин
магистранты Хайдаров Курманбек
Комментарийлер