ӨНӨРДҮ ДАҢКТАГАН ДЕМӨӨРЧҮ
- 24.02.2026
- 0
Кыргыз элинде «Өнөрлүү адам — элдин көркү» деген накыл сөз бар. Бул кептин чыныгы далили болгон инсандардын бири — Болотбек Жумалиев. Ал Нарын районундагы Жерге-Тал айылынын А.Табалдиев атындагы орто мектебине демөөрчү болуп, көркөм өнөр жана чийүү кабинетине 18 парта жана 36 стул алып берген. Учурда аталган кабинетке смарт-доска жана шкаф алып берүү алдында турат.

Болотбек Жумалиев СССР сүрөтчүлөр союзунун жана СССР кинематографиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, сүрөтчү, скульптор, көптөгөн кыргыз мультфильмдеринин жана жомок китептеринин сүрөтчүсү катары элге кеңири таанылган талант ээси. Анын эмгектери аркылуу нечендеген муун тарбияланып, балдардын эстетикалык табити калыптанган.
Туулуп-өскөн жерине болгон сүйүүсүн иш менен далилдеп келе жаткан Болотбек Жумалиев – Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын сыймыгы. Ал Жерге-Тал айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» катары өз айылынын билим берүү тармагына үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келет.

Белгилей кетчү жагдай, Болотбек Жумалиев бай ишкер эмес. Бирок ага карабастан, мүмкүнчүлүк издеп, каражат таап, мектепке колдоо көрсөтүп жатканы анын билимге, искусствого жана жаш муундун келечегине болгон камкордугун жана терең жоопкерчилигин айгинелейт. Бул — чыныгы мекенчилдиктин жана жарандык позициянын жаркын үлгүсү. Бүгүнкү күндө мектеп жамааты анын эмгегин жогору баалап, көркөм өнөр жана чийүү кабинетине Болотбек Жумалиевдин атын ыйгаруу демилгесин көтөрүүдө. Бул чечим — өнөр адамына болгон терең урмат-сыйдын белгиси жана окуучулар үчүн чоң тарбиялык мааниге ээ кадам.
Сүйүнбек Кадыркулов, Нарын районундагы А.Табалдиев атындагы орто мектебинин көркөм өнөр жана технология мугалими



Комментарийлер