«МЫРЗА ЖИГИТ, СУЛУУ КЫЗ» СЫНАГЫ

  • 31.01.2024
  • 0

Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк жөнүндөгү» Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында 9-11-класстар арасында «Мырза жигит, сулуу кыз» сынагы уюштурулду.

"МЫРЗА ЖИГИТ, СУЛУУ КЫЗ" СЫНАГЫ

Ага Аксы районунун этностор аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдамасынын жооптуу катчысы Абдылдаева Дамира катышты. Сынакта кыргыз элинин нарк-насили, улуттук баалуулуктары жана боордош элдердин ыр-бийлери камтылып, жогорку деңгээлде өттү. Кыздар камыр кесип, жигиттер койдун башың жиликтеп, калыстар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. Жыйынтыгында таймашка катышкан окуучуларга мектеп администрациясы тарабынан Ардак грамоталар жана сыйлыктар берилди.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер