МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ, КЕСИПКӨЙ МУГАЛИМ ЭЛЕ …

  • 06.12.2024
  • 0

Лейлек райондук билим берүү тармагы орду толгус оор жоготууга учурады. «Булак-Башы» орто мектебинин директору  Ибрагимов Тиллаберди Туякович 2024-жылдын 2-декабрь күнү 53 жашында дүйнөдөн кайтты.

МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ, КЕСИПКӨЙ МУГАЛИМ ЭЛЕ ...

                                          (1971-2014)

Ал  1971-жылдын  21-апрелинде  Баткен  облусунун Лейлек районундагы  Исфана  шаарында жумушчунун  үй-бүлөсүндө  жарык  дүйнөгө  келген. Тогуз бир  туугандын  кичүүсү. Алты  жашына  чейин ата-энесинин  колунда  тарбияланып, 1978-жылы  Ю.А. Гагарин  атындагы  орто  мектепке 1-класска  кабыл  алынып, аталган  орто  мектепти 1988-жылы  ийгиликтүү  аяктаган. 1989-1991-жылдарда  советтик  армиянын  катарында  кызматын  өтөгөн.

Эмгек  жолун  1988-1989-жылдары  Ю.А.Гагарин  атындагы  орто  мектебинде  пионервожатый болуп  иштөөдөн  баштаган. 1991-1993-жылдар аралыгында  Ю.А. Гагарин  атындагы  орто  мектебинде  мугалим  болуп  иштеген. 1996-2009-жылдары  “Булак-Башы”  орто  мектебинде  мугалим. 2009-2011-жылдары  ЖАК “ФИНКА”нын кредиттик адиси. 2011-2016-жылдарда ЖЧК  “Мөл  булак”тын  кредиттик  адиси. 2013- жылдан  тарта ушул  убакка  чейин  “Булак-Башы”  орто  мектебинде  орус  тили   мугалими, 2016-жылы  тарбия  иштер боюнча директордун  орун  басары.

2000-2008-жылдарда  ПРООНдун “Жакырчылыкты  жоюу  Программасынын” айылдык  активиси. 2022-2023-окуу  жылдан  баштап  “Булак-Башы”  орто  мектебинин  директору болуп  талыкпай  эмгектенип, келечек  муунга өз  билимин  берип келди.

Билими:  2010-2015-жылдар  аралыгында  БГУнун  орус  тили  жана  адабияты  адистигин ийгиликтүү аяктаган.

Алган  сыйлыктары:  (жетишкендиктери)

2002-ж. Сүлүктү  шаардык  билим берүү  бөлүмүнүн  грамотасы. 2012-ж. Кулунду  айыл  окуругунун  грамотасы.

2015-ж. Кулунду  айыл  өкмөтүнүн  грамотасы.

2015-ж. “Булак-Башы” демилгеси” коомдук  бирикмесинин  Ардак грамотасы

2016-жылы Кулунду айыл  өкмөтүнүн  грамотасы.

2016-ж. Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн  Ардак грамотасы.

2018-ж. “Бел-Алма” орто  мектебинин  Ардак  грамотасы.

2018-ж. Баткен облустук билим берүү  усулдук борборунун  Ардак  грамоталары  менен  сыйланган.

Үй-бүлөлүү, 3 уул,  1 кызды татыктуу тарбиялап, 5 неберенин  сүйүктүү  чоң атасы эле.

Тиллеберди Туякович өз ишине жоопкерчилик менен караган мыкты жетекчи, кесипкөй мугалим, коллектив жана кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ инсан эле.

Анын жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Агайдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер